МЕТАЛЛОГЕНИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:10 учурдагы нуска
МЕТАЛЛОГЕНЙЯ (металл жана грекче geneia - жаралуу, түзүлүү, пайда болуу) - геология илиминин бир тармагы; геол. өрчүү тарыхынын негизгиэтаптарына байланыштуу болгон металлдардын пайда болуу шартына жана алардын жер кыртышында таралышын изилдейт. Терминди биринчи жолу илимге француз геологу Л. де’Лоне киргизген. Жер кыртышынын өнүгүшүндө чөкмөлөрдүн топтолушу, тектоникалык кыймылдар, магматизм процесси боюнча бири-биринен айырмаланган структуралык йри бөлүктөрдө металл кендеринин белгилүү гана топтору пайда болот. Мындай процесс геосинклиналь жана платформа аймактарында түрдүүчө жүрөт. Ошондой эле бири-бирине окшош тектоника-магмалык жана кен пайда болуу процесстери дайыма
кайталанып турат. Мындай закон ченемдүүлүк Мененын негизин түзөт. М. илими кендүү жерлердин мейкиндик жана убакыт боюнча таралыш закондуулугун аныктайт; кен пайда кылуучу геол. шарттардын байланышын изилдейт; жаңы кендүү аймактарды ачат. Мындай изилдөөлөр геол. изилдөө жана чалгындоо иштерине белгилүү багыт берип, эл чарбасынын өнүгүшүнө көмөк көрсөтөт. М-лык изилдөөлөргө төмөнкү ыкмалар кирет: 1) ири аймактарды изилдөөдө колдонулуучу аймактык М-лык анализ; 2) кенташтарды контролдогон кендүү райондорду дыкат изилдөөдө колдонулуучу М-лык анализ; 3) формациялык анализ ж. б. М. тектоника, петрография, литология, кен байлыктар жөнүндөгү илимдер менен тыгыз байланышкан. Өзүнүн металлогениялык курчоо, провинция, зона, түйүн сыяктуу изилдөөдөн металлогениялык доорлор, ал эми бирдей геол. шартта кенташтардын окшош топторун аныктоодон - металлогениялык провинциялар бөлүнөт. М. өз ичинен төмөнкүдөй тармактардан турат: ж а л п ы (теориялык негиздерди жана кен байлыктардын жалпы таралуу закондуулуктарын изилдейт); аймактык (ири аймактардагы кен байлыктардын таралышын изилдейт); а т а й ы (өз ара байланышта болгон бир нече металлдардын тобун изилдейт). Эндогендик кендердин таралыш закондорун изилдесе, эндогендик М. деп, ал эми экзогендик кендердин тобун изилдесе, э к з ог е н д и к М. деп аталат.
Ад.: Смирнов В. И. Очерки металлогении. М., 1963; Магакян И. Г. Металлогения. М., 1974; КривцовА. И. Прикладная металлогения. М., 1989.