МЕТАЛЛ КАРБОНИЛДЕРИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:10 учурдагы нуска
МЕТАЛЛ КАРБОНИЛДЕРИ - металлдардын көмүртек оксиди СО менен болгон химиялык бирикмелери, жалпы формуласы (Ме)т=(СО)п. Көптөгөн металл жана металл эместердин карбонилдери белгилүү. Өтмө металлдардын карбонилдери өтө туруктуулугу менен айырмаланат. Щёлочь металлдардын карбонилдери туруксуз келет да, абада күйөт, органикалык эриткичтерде эрибейт. Никель, темир, осмий, рутений карбонилдери - суюктук, башка М. к-нин көпчүлүгү - кристалл заттар. Жез, күмүш, алтындын көмүртек кычкылынын атм-сында гана туруктуу карбонил галогениддери Ме(СО)Х белгилүү. М. к. белгилүү температурадан жогору ысытканда көмүртек окиси менен металлга ажырайт. Металл галогениддерине жана сульфиддерине жогорку температурада жана басымда СОну таасир этүүдөн алынат. М. к. таза металлдарды алууда, металлдарды каптоодо, химиялык процесстерде катализатор, антидетонатор катары колдонулат. М. к. уулуу.