МЕТАЛЛДЫК БАЙЛАНЫШ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:10 учурдагы нуска
МЕТАЛЛДЫК БАЙЛАНЫШ - металлдардын атомдорун бириктирип турган химиялык байланыштардын бир түрү. Ал металл атомдорунун сырткы валенттик электрондорунун жалпылыгына негизделген. Металлдардын бардыгы (сымаптан башкасы) - кадимки шартта катуу заттар. Алар электр тогун жана жылуулукту жакшы өткөрүшөт. Металлдардын мындай өзгөчө касиеттерге ээ болушу алардын кристаллдык торчосундагы өзгөчө мүнөзгө ээ болгон М. б-тын болушу менен түшүндүрүлөт. Металлдын кристаллдык торчолорунун түйүнчөлөрүндө металлдардын оң иондору жайгашат, ал эми алардын арасындагы боштуктарда электрондор эркин жылып жүрүшөт да, терс заряддуу «электрондук газды» түзөт. Мындай электрондор оң иондордун тобуна жалпы тиешелүү болуп, аларды бири-бири менен байланыштырат жана металлдардын өзгөчө касиетке ээ болушуна негиз түзөт. М. б. электрондордун бир эле убакытта бир нече иондордун талаасында болушу менен өзгөчөлөнөт.