МЕТАЛЛДАР ТЕХНОЛОГИЯСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 18:09 учурдагы нуска

МЕТАЛЛДАР ТЕХНОЛОГИЯСЫ - металлдар­ды өндүрүп алуу, иштетүү, кайрадан иштетүү ыкмалары жөнүндөгү комплекстүү илим. Кен бай­лыктарды өндүрүү, иштетүү, арасындагы металлдарды, металл куймаларын алуу, тер­миялык жана химиялык-термиялык жол менен иштетүү, басымдын таасири менен иштетүү, куюу өндурүшү, ширетүү, данакерлөө ж. б. процесстерди кучагы­на алат. Металлдан таарынды чыгарып же таа­рынды чыгарбай (ультраүн технологиясы, химиялык- термиялык иштетүү, электр-механикалык иштетүү) иш­тетилет. Кийинки кезде илимдин практика­лык жана теориялык өнүгүшүнүн натыйжасында бир топ тармактары пайда болду. Металлдарды ба­сым менен иштетүүдөн согуу, штамптоо, прокат­тоо, чоюу, сыдыруу, ныктап пресстөө ж. б. тар­мактар бөлүндү.