МЕТАЛИНГВИСТИКА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:10 учурдагы нуска

МЕТАЛИНГВЙСТИКА — тил илиминин мета­тил жөнүндөгү тармагы; табигый тилди так, терең, кеңири жана практикалык максатта изилдейт. М. метаматематика, метатеория, металогика, метаизилдөө сыяктуу илимий тармактардын мето­дол. принцибинин үлгүсүндө куралат, тил или­миндеги негизги теориялар менен методцорду кам­тып, тилдин маанилик жана маңыздык (содержа­тельный) өзгөчөлүктөрүн коомдук социум менен ойломдун (мышление) бирдигинде карайт, башкача айтканда бир тилди экинчи тилге салыштырып изилдөөдө биринчи тилдеги конструкциялар, теориялар, мыйзамдар экинчи тил үчүн үлгү болот да, би­ринчи тил - метатил, экинчи тил объект тил аталат. Эгер кийин кыргыз тили аркылуу орус тилин үйрөнсө, кыргыз тили орус тилине кара­та - метатил, орус тил объект тил болот. Мета­тилдер көбүнчө жасалма тилдерде (математика, программалоо, орток тил, формалык же Хомс­кийдин грамматикасы) кеңири колдонулат.

Ад.: Вопросы металингвистики. Л., 1973; Энцикло­педия кибернетики. Т. 1. К., 1975.