МЕТАКРИЛ КИСЛОТАСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:10 учурдагы нуска

МЕТАКРЙЛ КИСЛОТАСЫ (а-м етилакрил комитет а с ы), СН2=С(СН3)-СООН - молекулалык салмагы 86,09; кескин жыттуу, түссүз суюктук. Кайноо 1160,5°С; сууда, эфирде, спиртте эрийт. Бөлмө температура­сында оңой полимерленет да, полиметакрил кислотасын пайда кылат. М. к. натрий амальгама­сы менен изомай кислотасына чейин калыбына ке­лет; иоддуу суутек менен Р-иодизомай кислотасын бе­рет; бромду кошуп алып а, Р-дибромизомай кислотасын; негиздер жана спирттер менен метакрилат­тарды же татаал эфирлерди пайда кылат. М. к. полимерлешүү реакциясына оңой кирип, поли­метакрил кислотасына айланат. Ө. ж-да М. к. жана анын эфирлери ацетондон өндүрүлөт. Ошондой эле хлороформ менен ацетондун конденсациясынан алынган заттын щелочь менен (температуранын таа­сиринде) аракеттенүүсүнөн алынат. СН3СОСН3+ +НСС13-КОН(СН3)2С(СС12)2ОН-СН2=С(СН3)СООН М. к. жана анын туундулары техникалык маанилүү по­лимерлерди жана срполимерлерди, органикалык айнекти, каучуктарды, ион алмаштыргыч чайырларды, метакрилаттарды өндүрүүдө кеңири колдонулат.