МЕРКИТ (уруу): нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:10 учурдагы нуска
МЕРКИТ - дөөлөс (төөлөс) уруусуна караштуу уруктардын бири. Этноним адегенде «мергендер» (моңголчо «мэргэд») деген маанини түшүндүрүп, азыркы буряттардын түпкү аталары болгон деген пикир бар. М-тер алгачкы жолу кытай тарыхында («Цидань го чжи» - «Кидан мамлекетинин тарыхы») «мэй-ли-цзи» түрүндө берилип, кидандардын аскер башчысы Вотэла 1093-жылы аларды чаап алганы айтылат. Кээ бир окумуштуулар Марко Полонун эмгегиндеги бекри урууларынын М-терге окшош экенин эскертишет. Рашид ад-Дин М-тер моңголдордун бир бөлүгү экенин жазган. М-тер өз ара увас, хаат, удуит деген үч бутакка бөлүнөт. Анын ичинен удуиттер көп сандуу болуп, кезегинде алар уйгур, мудан, тудахиин, жиюн деген уруктарга тараган. 12-13-к-да Онон, Керулен, Селенга д. жана Тункин өрөөнүнө жакын аймактарды мекендешкен. 1213-18-ж. моңголдор тарабынан чабылып, аман калганДары Кытайдын түндүгүнө жана О. Азияга качууга аргасыз болушкан. Азыркы учурда Волга боюндагы калмактарда (хо-меркит, ики-меркит), ошондой эле өзбек, түркмөн жана моңголдордун ичинен кезигет.
О. Каратаев.