МЕРГЕЛЬ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:10 учурдагы нуска
МЕРГЕЛЬ - кальцит, доломит жана чоподон турган чөкмө тек. Курамындагы карбонаттар менен чопонун санына жараша өз ичинен чополуу, акиташтуу, доломиттүү жана бор сыяктуу түрлөргө бөлүнөт. Көбүнчө курамында 30-90% СаСО3 же М§СО3 болуп, калганын чопо түзөт. Өңү ачык түстүү, агыш, бозомук. Карбонаттуу, чополуу тектерде өз алдынча кабатча түрүндө кездешет. Көп тараган тектердин катарына кирет. Цемент даярдалат.