МЕНЗБИР СУУРУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:10 учурдагы нуска

МЕНЗБИР СУУРУ (МагтЫа тепгЫег!) - суур­лар уруусундагы сүт эмүүчү. Дене Узундугу 30-60 см, куйругу 10-25 см. Дүйнө жүзүндө жалгыз гана Теңир-Тоонун батышында, Чаткал тоо кырка­ларында таралган. Анын 2 түрчөсү (угам жана чаткал) белгилүү. Ал кургак, какыр бийик тоо этегин мекендейт. Өсүмдүк менен азыктанат. Ийи­нин таштак жерлерге, кээде шалбаа, талаа өсүм­дүктүү жайык жерлерге казат. Топтошуп жа-

шайт, күндүз ак­тивдүү. Сентябрь айында чээнге ки­рип, март-апрелде чыгат. Жашаган аянттары жылдан жылга тарып, ай­рым гана жерлер­де бири биринен обочолонгон ча­кан популяция­лары сакталган. 3 жашында жы­ныстык жактан жетилет. Бир жылда бир жолу, 3-4 чөндөлөй тууйт. Саны азайып, көп жерлер­де жок болуп бара жаткандыктан, ТКЭСтин жана Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген.