МЕНДЕЛЬСОН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:10 учурдагы нуска

МЕНДЕЛЬСОН, Мендельсон-Бартоль­д и, Якоб Людвих Феликс (3. 2. 1809, Гам­бург - 4. 11. 1847, Лейпциг) - немис композито­ру, дирижёр, органчы. Композиция боюнча билим алган. 1835-жылы Лейпцигде Гевандхауз концерттерине жетекчилик кылган жана

Лейпциг мектебине негиз салган. 1843-жылы анын де­милгеси менен Германияда туңгуч (Лейпциг) консерва­тория ачылган. М. ар түрдүү жанрда иштеген: «Жайкы түндөгү түш» (1826), «Рюи Блаз» (1839) ж. б. увертю­ралары, «Италян», «Шот­ланд» симфониялары, скрипка жана оркестр үчүн концерт (1844), фортепьяно үчүн эки концерт (1831, 1837), «Павел» (1836) ораториясы ж. б. 1874-77-ж. Лейпцигде М-дун чыгармаларынын толук жыйнагы (36 т.) басылып чыккан.

Ад.: Ворбс Г. X. Мендельсон-Бартольди... М., 1966; Мейлих Е. И. Ф. Мендельсон-Бартольди. Л., 1973.