МЕНДЕЛИЗМ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:10 учурдагы нуска

МЕНДЕЛИЗМ — генетиканын негизин түзүүчү организмдин тукум куугучтук закон ченем­дүүлүгү жөнүндөгү окуу. М. негизинен аргындар жана алардын тукумун гибриддөө ыкмасы менен эксперименттик анализге таянат. Бул ыкманы алгачкы болуп Г. Мендель 1865-жылы сунуш кыл­ган, ал эми «М.» терминин 1905-жылы Р. Пеннет киргизген. М-дин өнүгүшүнө даниялык илим­поз В. Иогансен (1909) ачкан ген, генотип, фе­нотип түшүнүктөрү, ошондой эле америкалык илимпоз У. Сет­тон (1902), немис илимпозу Т. Бовери (1902-07) тапкан жыныс клеткаларынын пайда болушу, уруктануу кезинде хромосоманын ажырашы жана айкалышы жөнүндөгү маалыматтар чоң таа­сир тийгизген, ошондой эле Г. Мендель чаңдаштыруу үчүн буурчактын бир гана таза белгиси бар сор­тун алып, анда тукум кубалоочу «элементтин» адашпай жана жоголбой тургандыгын далилдеген. Түрдүү белгиси бар эки организмди чандаш­тырганда алгачкы муунда бир гана белги ба­сымдуулук кылып (доминант), «көмүскөдө кал­ган» белги (рецессив) кийинки муунда кайтала­нарын ачкан. Бул пикирин тажрыйба жүзүндө далилдөө менен катар, Г. Мендель анын сандык катышын да аныктаган. Г. Мендель тукум куу­гучтуктун факторлорунун табиятын ачып, био­логияда революция жасаган. М. микроорганизм, тирүү жандыктар, үй айбанаттарынын селекциясынын азыркы ыкмаларынын теориялык негизи болуу менен медициналык генетиканын өсүшүнө да көмөк көрсөткөн, к. Генетика, Дарвинизм.