МЕЛЬНИКОВ Борис Ильич: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 18:09 учурдагы нуска

МЁЛЬНИКОВ Борис Ильич [1941-жылы туулган, Фрунзе (азыркы Чүй) обл., Кемин району, Боролдой айы­лы] - техника илимдеринин доктору (1994), проф. (1997). КАЧИни (1969), ошол эле жерден аспи­рантураны (1974) бүтүргөн. Кыргыз ССРинин Мелиорация жана суу чарба министрлигинде гид­ротехник, КАЧИде лаборант, ассистент, Алжир Элдик Демокр. Респ-нын Мелиорация жана гид­ротехника институтунда проф., КАЧИде кафедра башчысы, декан, 1996-жылдан К. И. Скрябин атындагы КАУда вице-президент, проф. Мелиорация, сугаруу дыйканчылыгы, тоо этектериндеги ав­томатташтырылган гидротех. курулуш тармак­тары боюнча адис. ИОдон ашык илимий эмгектин, анын ичинде 1 монография, 20 методикалык окуу куралы, 20 автордук күбөлүк жана 5 патенттин ээси.

Эмг.: Расчет скоростей течения воды (на фр. яз.). Изд-е института гидротехники и мелиорации, Блида, АНДР, 1980; Орошение горных регионов//Горы Кыр­гызстана. Б., 2001.