МЕКЕ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:10 учурдагы нуска

МЕКЕ (арабча М а к к а, Маккат аль-Мукаррама - ыйык жана улуу даражалуу Мекка) — Сауд Ара­биясынын батышындагы шаар. Меке эмирли­гинин администрациялык борбору. Тоо аралык ичке өрөөндө, Кызыл деңизден 80 км алыстыкта жайгашкан. Ислам дининин башкы диний борбору. Башка диндегилер үчүн жабык шаар. Калкы 1,5 миллион (2010; калкынын саны боюнча өлкөдөгү 3-шаар).

Аль-Масжид аль-Харам мечити.

Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Шаар калкы диний таат-ибадат буюмдарын чыгарат жана сатат; зыяратка келгендерди (2010-жылы 3 миллион; жылына 100 миллион доллардан ашык киреше түшөт) тейлейт. Земзем булагынын «ыйык суу­сун» сатуу менен да алектенет. Ири кушканалар (анын ичинде курмандыкка чалынган малдын эти баш­ка өлкөлөргө акысыз жөнөтүлөт), эмерек, те­мирден ашкана буюмдарын жасоочу, текстиль ишканалары иштейт. Тумар жана белек-бечкек­тер даярдалат. Мененин кайсы мезгилде пайда бол­гону белгисиз. Шаар алгач 2-к-дан эскерилет. Земзем булагына байыр алган элдин турагы Макорабо аталганы тууралуу Птолемей «Гео­графиясында» жазып калтырган. Кээ бир оку­муштуулар Геродот Макарабо деп эскерген шаар М. болуш керек деп эсептешет. Биздин замандын 4-к-нын аягы - 5-к-дын ортосунда арабдардын курай­шит уруусу Меке вадисинин айланасында оту­рукташкан. Ошол кезде эле Земзем булагынын жээгинде мусулман мечити Кааба турган. Ис­лам дини негизделгенге чейин Каабага тиешелүү таштан салынган Хубала Араб ж. а-нда жаша­ган бутпарас урууларынын диний жана соода (7-кылым) борбору болгон. Адам келбетин элестет­кен оң колу алтын таш статуя Каабага жайгаш­кан. Менени курайшиттердин башчысы Кусайя ибн Килаб (биздин замандын 5-6-к-дын башы) негиздеп, ар бир урууга Каабанын тегерегинен жер бөлүп бе­рип, Земзем булагынын көзүн тазалап, өзү жа­шаган жайды «Чогулуш үйүнө» айландырган. М. - ислам дининин ыйык тарыхында Кудай тандап алган жер деп эсептелинет. М-де ислам динин негиздеген Мухаммед пайгамбар 570-ж. ченде туулган. 7-к-дан мусулмандардын ыйык шаары жана зыярат кылуучу (5 парзынын бири - ажылыкка келүүчү) жайы. Шаардын айланасы (8-18 км) корукка алынып, ал жерде кан төгүүгө жана дан өсүмдүктөрүн өотүрүүгө тыюу салынган. Аббасилер халифаты кыйраган соң (10-кылым), М. Египет династиясынын карамагында болгон. 930-ж. карматтар тарабынан талкаланып, Каа­банын кара ташын шаардан алып кетишип, 952-ж. кайтарышкан. Египетти түрктөр басып алганда М. түрк султандарынын көз каранды эместигин тааныганы менен Өз алдынчалыгын сак­тап калган. 1916-24-ж. М. - Хижаз королдугу­нун борбору, 1924-жылдан Сауд Арабиясынын курамында.

Мененин турак-жайы 7-к-да таш менен ылайдан салынган бир кабаттуу үйлөрдөн туруп, көчө­лөрү Каабадан башталып, көрүстөн менен аякта­ган. 7-8-к-дын башында кабаттуу үйлөр, ак са­райлар, акведуктар салынган. О. кылымда Мененин 3 дарбазасы болгон: жогоркусу (түндүк-чы­гышта) Арафат тоосун жана Иракты, төмөнкүсү (түштүктө) Йеменди, батыштагысы Мединаны караган. Аль Масжид аль-Харам мечити (Бейт­Уллах; учурдагысы 16-17-к-га таандык; ыйык Каабаны курчай курулган), Баб-аль-Умра ми­нарети (755-57), Ак сарай (160x110 м) кумпатиз­мектеринен (алар 550 мрамор жана гранит түр­күктөрүндө) турган галереялар, чатырлуу па­вильон бар. Дубалдын ички бетинин бийиктиги 20 м. Анын 4 салтанат дарбазасы, 9 минарети (ар биринин бийиктиги 89 м) жана кичи кирүү жайлары (бОтан ашык) зал менен галереяны би­риктирет. Алар Каабанын ыйык короосун ай­ланта курчап турат. 20-к-да Мененин ыйык

Би­лаль, Райя (мусулмандар жеңгенде Мухаммед штандарт көтөргөн жер), Абу Бакр ж. б. мечит­тери кайрадан курулган. «Абраж аль-Бейт» му­наралуу мейманкана комплекси (100 миң ки­шилик) «Маккай С1оск Коуа1 Тодаег» асман ти­реген курулушу (бийиктиги 577 м), соода жайы, конференция залы жана мечити (10 миң кишилик) менен өзгөчөлөнүп турат. Шаарда эл аралык ислам уюмдарынын штаб-квартиралары, 4 (сүннөттөр жана шейиттер) окуу жайы, Умм-аль-Кура университети (1949, коллеж; 1981-жылдан азыркы статусун­да), китепканалар (Шейх Аббас Катан, Аль­Храм) бар. Туризм өнүккөн. Кыргызстан эгемен­дүүлүккө ээ болгондон тартып, М-ге жыл сайын 4 миңден ашык адам зыяратка (ажылыкка) барат.