МЕДУЗАЛАР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 18:09 учурдагы нуска
МЕДУЗАЛАР - деңиз ичеги көндөйлүүлөрүнүн
жыныс жолу менен көбөйүүчү мууну. Субстратка бекиген полиптерден бүчүрлөө жолу менен пайда болуп,сууда эркин сүзүп жашайт. Денеси тунук, килкилдек. Формасы чатыр же коңгуроого окшош, диаметри бир нече .м.иден 2,3 лгге чейин. Чатырынын четинде Узундугу 30 мге жеткен тинтүүрлөрү жана сезгич органдары жайгашкан. Оозу денесинин төмөн караган жагынын орто жеринде. Чатырчасындагы сууну күч менен сыртка түртүү аркылуу кыймылдайт. Кээ бир М. кыймылсыз, ордунан жылбай деңиз түбүндөгү субстратка бекип жашайт. Жыныс бези карынга жакын жайгашкан, анын бөлүп чыгарган заттары түз эле сууга чыгарылып, сууда уруктанат жана өсөт. Планктон организмдери менен азыктанат. Кебетеси жана мааниси жагынан бир нече топко бөлүнөт. Кээ бир М-дын сайгыч клеткалары денеге тийсе ачыштырат.
