МЕДЕТБЕКОВ Капар: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 18:09 учурдагы нуска

МЕДЕТБЕКОВ Капар (11. 12. 1931, азыркы Та­лас обл., Кара-Буура району, Шекер кыш. - 25. 6. 2012, Бишкек) - актёр, Кыргыз ССР эл арт. (1973), СССР эл арт. (1991). 1955-жылы Ташкентте­ги А. Н. Островский атындагы Театр-көркөм институту­нун актёрлук

факультетин бүтүр­гөн. 1955-62-жылы Туулган Сатылга­нов атындагы Жалал-Абад драма театрында, 1962-жылдан М. Рыскулов атындагы Нарын обл. музыкалык театрында 1993- жылдан Бишкек ш-ндагы Жаштар театрында иште­генетикалык М. кеңири масштабдуу драмалык, комедиялык об­раздарды бирдей аткарып, каармандарга психол. мү­нөздөмө бере билген актёр. Негизги ролдору: Кур­манбек («Курманбек»), Чокмор («Чокмор»), Ка­ныбек («Каныбек», үчөө тең К. Жантөшевдики), Вожак (В. Вишневский, «Оптимисттик траге­дия»), Отелло (У. Шекспир, «Отелло»), Ашыр-

К. Медетбеков - Макбет. У. Шекспир. «Макбет». Нарын облустук драма театры.

бай (Т. Абдымомунов, «Ашырбай») ж. б. Режис­сёр катары К. Эшмамбетовдун «Эгиздер», Э. Ток­тогуловдун «Тоо балладасы» ж. б. спектаклдерди койгон. «Айсулуунун талаасы», «Биринчи», «Ташка баткан элестер» кинофильмдерине тар­тылган. М. Рыскулов атындагы сыйл. лауреаты. III да­ражадагы Манас ордени жана меДалдар менен сый­ланган.