МЕДЕЛЬИН: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:10 учурдагы нуска
МЕДЕЛЬИН - Колумбиянын түндүк-батышындагы шаар. Антьокия департаментинин администрациялык борбору. Абурра өрөөнүндө, Борбордук Кордильерада, 1495 м бийиктикте жайгашкан. Шаарды Медельин д. аралап агат. Калкы 2,3 миллион (2010; калкынын саны боюнча өлкөдөгү Санта-Фе-де-Богота ш-нан кийинки 2-шаар; агломерациясы менен 3,4 миллион). Панамерика шоссесиндеги маанилүү жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен иштейт. Испандар тарабынан 1646-жылы негизделген. Шаардын борбордук бөлүгүндө 19-20-к-дын курулуштары басымдуу. Чиркөөлөр, соборлор, ратуша ж. б. бар. Колумбиянын индустриялуу ири борборлорунун бири. Бир нече ири улуттук банктардын, компаниялардын штаб-квартиралары жайгашкан. Ө. ж-нын алдынкы тармактары: жеңил (анын ичинде текстиль, тигүү, булгаарыбут кийим), тамак-аш, курулуш материалдары
жана химиялык Тоо-кен (алтын, күмүш ж. б.), текстиль ө. ж-нын жана кофе соодалоонун борбору. М. илим менен билимдин жана маданияттын маанилүү борбору. Университеттер жана алардын кампустары, калк китепканалары, институттар, театрлар, музейлер, планетарий бар. Ботаникалык бак. уюштурулган. Жыл сайын эл аралык фестивалдар, гүлдөр көргөзмөсү жана «Фиеста Брава» карнавалы өткөрүлүп турат. Шаардын четинде алтын, күмүш, таш көмүр казылып алынат.
