МАШИНА ЖАНА МЕХАНИЗМДЕР ДИНАМИКАСЫ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 18:09 учурдагы нуска
МАШЙНА ЖАНА МЕХАНИЗМДЕР ДИНАМИКАСЫ - машина жана механизмдер теориясынын бөлүмү. Механизмдер менен машиналардын курамына кирген бөлүктөрдүн (тетиктердин) кыймылын изилдейт. Механизм бөлүктөрүнүн кыймыл закондорун, бөлүктөрүнүн кыймылын жөнгө салуу, сүрүлүүгө сарпталган күчтү, кинематикалык түгөйдөгү (механизмдердин 2 звеносунун бири-бирине салыштырмалуу кыймылдоочу бирикмеси) реакцияны аныктоо, ошондой эле машина жана механизмдердин тең салмактуулугу сыяктуу негизги маселелерди чечет. Механизм бөлүктөрүнүн кыймыл закондорун аныктоодо сырткы күчтүн берилген мүнөздөмөсү боюнча кыймылдаткычтагы, жумуш аткаруучу машинадагы жана башкаруучу түзүлүштөгү механикалык системанын же машина агрегатынын кыймылы дифференциалдык теңдеменин жардамы менен чыгарылат. Машина агрегатынын кыймылын жана башкарууну (жөнгө салуу маселелери) жөнгө салуу теориясында каралат. Мында калыптанбаган, өтмө жана калыптанган кыймыл режими болуп айырмаланат. Калыптанган-режимде тетиктин чекит ылдамдыгы убакытка карата мезгилдүү функция түрүндө же туруктуу абалда болот, калыптанбаган режимде машинага атайын автомат жөндөгүч орнотулат. Сүрүлүүгө сарпталган күчтү аныктоо машинага керектелген энергиянын механикалык пайдалуу аракет коэффициенти менен бааланат. Кинематикалык түгөйдөгү реакцияны аныктоо үчүн механизмдердин кыймылынын белгилүү закон боюнча аткарылуучу кинетостатикалык эсептөөлөрү (динамиканын маселелерин эсептеп чыгаруу ыкмалары) жүргүзүлөт. Машина жана механизмдердин тең салмактуулугу механизмдердин кинематикалык түгөйдөгү динамикалык басымын азайтуучу тең салмактуулукту которуштуруу менен ишке ашырылат.
Ад.: Левитский Н. И. Теория механизмов и машин. 2-е изд. М., 1990; Фролов К. В. Избр. труды. М., 2007. Т. 2: Машиноведение и машиностроение.