МАХНОЧУЛАР КЫЙМЫЛЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:10 учурдагы нуска

МАХНОЧУЛАР КЫЙМЫЛЫ, махновщи­н а - 1918-21-ж. Түштүк Украинада Совет бийли­гине каршы чыккан анархисттик кыймыл. Кый­мылды анархист Н. И. Махно (1884-1934) же­тектеген. Украинанын сол жээгиндеги Екатери­нослав жана Харьков губернияларынын оокат­туу дыйкандарына (кулактарга) таянган Мах­ночулар Днестрден Донго чейинки зор аймакты ээлеген. Алар «бийликсиз мамлекет», «эркин со­веттер» деген ураан менен чыгып, совет мамлеке­тине каршы күрөшкөн. Аларга орус анархист­теринин [Волин (Эйхенбаум), Аршинов (Марин), Барон, Готман ж. б.] таасири тийген. М. к. 1918-жылы жазында украин дыйкандарынын ав­стрия-германиялык оккупанттарга каршы күрөшүндө пайда болгон. Апрель айында Мах­но анархисттер тобу менен Гуляй поле р-нунда ча­кан отряд түзүп, помещиктердин чарбактарына жана гетмандык полицияга кол салган. Ноябрь айында анын отряды 500гө, декабрда 20 миңге жеткен. Махночулар адегенде австрия-германия­лыктарга, кийин петлюровчулардын отрядда­рына, ошондой эле шартка жараша бирде актарга, бир­де Кызыл Армияга каршы күрөшкөн. Советтик ко­мандачылардын буйруктарына баш ийбей, азык­түлук отряддарынын жана жакырчылык боюнча комитеттердин иштерине тоскоолдук кылышкан. Мах­нонун отряддарынын бир бөлүгү жарандык со­гуштун жүрүшүндө Кызыл Армияга кошулган. 1919-жылы ак гвардиячылардын негизги күчү тал­калангандан кийин, махночулар контррев-я­чыл бандитчилик жолуна түшкөн. М. В. Фрунзе­нин буйругу менен Махнонун бандалары 1921-жылы Кызыл Армия тарабынан жоюлган. Махно жана аман калган отряд мүчөлөрү чет өлкөгө качып, румын бийликтегилеринин колуна түшкөн.