МАХМУД ХАН: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 18:09 учурдагы нуска
МАХМУД ХАН, Султан Махмуд хан (1463/64- 1508) - Батыш Моголстандын ханы (1487-1508). Юнус хандын тун уулу. Мухаммед Хайдар өз эмгегинде (к. «Тарих-и Рашиди») М. х-дын энесин Александр Македонскийдин тукуму (Шах Султан Мухаммеддин кызы) деп көрсөтөт. Юнус хан өлгөндө Моголстандын батышы М. х-дын энчисине тийген. Ташкент жана анын айланасы үчүн болгон согушта Мухаммед хан Шейбанинин жардамы менен самарканддык Султан Ахмад (Тимурдун тукуму), ферганалык Өмүр (Омор) Шейхтин үстүнөн жеңишке жетип (1487), Түркстандын батышын Шейбаниге берген (1488). Султан Ахмад менен Өмүр Шейх өлгөндөн кийин (1494), М. х-дын Самаркандды алуу аракети ишке ашкан эмес. Натыйжада Ташкент аймагы Шейбанинин колуна өтүп, М. х. Шейбани хандын буйругу менен өлтүрүлгөн.
Ад.: Мухаммед Хайдар Дулати. Тарих-и Рашиди. А., 1999. Т.Асанов.