МАХМУД ИБН ВАЛИ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 18:09 учурдагы нуска
МАХМУД ИБН ВАЛИ, МахмудбенЭмир В а л и [хижранын 1004-жылы (1595-96), Балх ш. - өлгөн жылы белгисиз] - орто азиялык окумуштуу, тарыхчы. Өз доорундагы сабаттуу адамдардын бири болгон. Ислам дининдеги суффизм агымы ага өзгөчө таасир тийгизип, дубаначылык (1614- 23) кылган. Бул учурда «Равайих-и таййиба» («Жагымдуу жыттар») аттуу алгачкы эмгегин жараткан. Ал Кабул, Пешавар, Лахор ш-на саякат жасап, 1625-жылы ноябрда Делиге келген. Бир жылдан кийин Индия аймактарын (Калькутта, Хайдарабад, Декан, Бенгалия ж. б.) кыдырып, Ганг д-нын куймасына жакын жерден могол-индустарынын колуна түшкөн. Эки жылдай туткунда болуп, «Рисала-йи Бихарийа» («Бихар трактаты») эмгегин жазган. 1628-жылы августта туткундан бошонуп, Агра ш-на Моголдордун империясынын ханы (1628-58) ШахЖаханга келген. 1629-жылы Пенжаб ш. аркылуу мекенине кайтып, «Ахлак-и Хусейни» («Хусейндин адеп тарбиясы») эмгегин аяктаган. Балх ханы (1606-42; 1645-51) Надир-Мухаммеддин тапшырмасы боюнча көптөгөн тарыхый-географиялык чыгармалар (мисалы, Ибн ал-Факих Хамаданинин «Китаб ахбар ал-Булдан», Табаринин «Китаб расул ва-л-мулук ва-л-хулафа», Истахринин «Китаб Масалик ва-л-мамалик», Мухаммед Ауфтун «Джами’ ал-хикайат», Жувейнинин «Тарых-и жахангушай», Рашид уд-Диндин «Джами’ аттаварих», Мухаммед Хайдардын «Тарих-и Раишди->, Абдаллах Балхинин «Зубдат ал-асар», Бирунинин «Жами өлхикайат» ж. б.) менен таанышып чыккан соң, 1634-40-ж. ар бири 4 бөлүмдөн турган 7 том «Бахр ал-асрар фи манакиб алахйар» («Асыл эрдиктердин эң көп сыры») аттуу эмгегин жазган. Китепке 0. Азия жана ага. жакын аймактардагы тарыхый окуялар, ал жерде жашаган элдер жөнүндө этногр., географиялык, экономикалык ж. б. баалуу маалыматтар камтылган. М. и. В-нин бул эмгегинен о. кылымдагы кыргыздар жана алардын үрп-адаттары, жашаган аймагы, башка элдер менен болгон саясий мамилеси жөнүндө баалуу кабарларды алууга болот. Анда Мавераннахрга караштуу мурда Хутталан деп аталган Кулабдын [к. Көлөп (Куляб) вилайети] бир бөлүгү (Дашт-и Алан) кыргыз урууларына тийиштүү жер экени көрсөтүлгөн. «Бахр ал-асрар фи манакиб ал-ахйардын» бир көчүрмөсү (6-томдун 1-, 2-, 3-бөлүмү) 1902-жылы В. В. Бартолъд тарабынан Ташкент шаарында табылган. Мындан тышкары М. и. В. «Мухаббат-наме» («Махабат китеби»), «Наджм-и сакиб» («Метеор») ж. б. казал, касыйда менен жазылган ыр жыйнактары бар.
Чыг.: Море тайн относительно доблестей благородных. (География)/Введение, перевод, примечания Башкача Айтканда Ахмедова. Таш., 1977.
Ад.: Материалы по истории казахских ханств XVXVIII вв. (Извлечения из персидских и тюркских сочинений). А.-А., 1969. Т. Асанов.