МАТИКЕЕВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:10 учурдагы нуска
МАТИКЕЕВ Курманалы (5. 12. 1941-жылы туулган, Ош обл., Кара-Кулжа району, мурдагы Килем-Таш кыш., учурда Кызыл-Жар айыл округу) - география илимдеринин доктору (1996), проф. (1999),
КРдин билим берүүсүнө эмг. сиң. ишмер (2007). ОМПИни бүтүргөн (1965). Алгач Баткен р-нундагы мектепте мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы (1965-67); 1972-76-ж. Кыргыз ИАнын Геология институтунда илимий кызматкер; 1976-жылдан ОМПИде окутуучу, доцент (1978), кафедра башчысы, декан, профессор. 1999-2000-жылы ошол эле университеттин Фундаменталдуу жана колдонмо ИИИде директор, 2001-04-ж. Биотехнология жана тоо проблемасы ИИИде директор болуп иштеген. Түштүк Кыргызстандагы экзодинамикалык кубулуштарын изилдеген (2001-03). Ош - ЭркечТам, Кара-Кулжа - Алайкуу автомобиль жолдорундагы кар, жер, таш көчкү, сел жүрүү кубулуштарын изилдөө жана прогноздоо (2004-08), Байыркы кыргыздардын таралуу географиясын изилдөө (2009) долбоорлорун жетектеген. КРдин Улуттук аттестация комиссиясынын алдындагы кандидаттык диссертацияларды коргоо боюнча атайын кеңешинин мүчөсү (2001), 2007-жылдан төрагасы. Ал 200гө жакын илимий эмгектин, 2 монографиянын, 16 окуу, 5 илимий-популярдык китептин автору. Негизги эмгектери: «Жылып жүрүүчү континенттер» (1976), «Кыргызстандын географиясын окутуунун методикасы» (1985), «Ош облусунун географиясы» (1988, авторлош), «Манас баяны» (1995, авторлош), «Табият таануу концепциясынын негиздери» (1998, 2003, 2011), «Кыргыз, Манас жана тарыхый география» (2012) ж. б. Борбордук Азиянын Манас доорундагы топонимдери боюнча байыркы кыргыз урууларынын таралуу картасын түзгөн.
Ө. Бараталиев.