МИХАЛКОВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:09 учурдагы нуска

МИХАЛКОВ Сергей Владимирович [28. 2 (13. 3). 1913, Москва - 27. 8. 2009, ошол эле жер] - орус жазуучусу, коомдук ишмер, СССР ПИАнын академиги (1971), РСФСРдин искусствого эмг. сиң ишмери (1967), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1973). СССР мамлекеттик сыйл. (1941, 1942, 1950), Лениндик сыйл. (1970) лауреаты. М. Горький атындагы адабият институтунда окуган (1935-37). Чыгармалары 1928-жылдан жарыялана баштаган. Улуу Ата Мекендик со­гуш мезгилинде аскер кабарчысы болуп, элди Мекенди коргоого үндөгөн түркүн жанрда чы­гармаларды жазган. Балдар театры үчүн «Том Кэнти» (1939), «Бөтөнчө тапшырма» (1945), «Кы-

зылжагоо» (1946), «Мактан­чааккоён» (1951), «Сомбре­ро» (1957), чоңдор үчүн «Илья Головин» (1950), «Мергенчи» (1956), «Жапа­йылар» (1958) ж. б. пьеса­ларын жазган. «Тоотпостор­дун тою» (1971) жомок-по­вести, педагогикалык темадагы «Баа­ры балалык кезден баш­талат» (1968) макалалар жыйнагы жана бир топ ыр жыйнактары бар. Котормочу катары да белгилүү. Үч Ленин, Ок­тябрь Революциясы, башка үч орден жана медал­дар менен сыйланган.

Чыг.: Собр. соч. М., 1981-1983. Т. 1-6.

Ад.: Александров В. Т. С. Михалков: Биография творчества. М., 1988; С. В. Михалков: Биобиблио­графический указатель. М., 1976.