МИФУНЭ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:09 учурдагы нуска
МИФУНЭ Тосиро (1. 4. 1920, Кытай, Шаньдун провинциясы, Циндао - 24. 12. 1997, Токиого жакын, Митака) - япон актёру, продюсер. 1946- жылдан «Тойо» кинокомпаниясында (Токио) иштеген. 1947-жылы өзүнүн устаты Кадзиро Ямамотонун «Жаңы акмактар мезгили» фильмине тартылган. Алгачкы

ийгилиги - «Күмүш тоонун ары жагында» фильминдеги гангстер Эдзимдин ролу. А. Куросава менен көп жылдык чыглык кызматташуусу 1948-жылы «Мас периште» фильминде (гангстер Мацукага) башталган. «Расёмон» фильминдеги каракчы Тадзёмаронун ролу Менени өзгөчө ийкемдүү, күчтүү темпераменттүү каармандын жан дүйнөсүн терең ачып бере алган кино актёр катары тааныткан. Мененин чыглыгынын туу чокусу - доктор Нийденин ролу («Кызыл сакал», Венециядагы ЭКФ сыйл.). А. Куросаванын көптөгөн фильмдерине тартылган (Кикутие, «Жети самурай»; Кийити Накадзима, «Тирүүнүн жазгандары»; Дэнкити Акама-Рогожин, «Кемпай» ж. б.). Романтикалык-баатырдык «кэнгэки» жанрындагы каармандардын ролдорунда мыкты аткарган: Мусаси Миямото («Мусаси Миямото»), Сандзюро («Жан сакчы», Венециядагы ЭКФ сыйл.) ж. б. 1963-жылы Токиодо «МИипе РгойисНопз» компаниясын түзүп, анда «500000 мурас» фильмин койгон. Чет өлкөлөрдө киного тартылган: Офицер («Тынч океандагы тозок», АКШ), Жан сакчы («Кызыл күн», Улуу Британия). 1970-жылдарда өз студиясында «дзидпайгэки» стилиндеги телесериалдарга тартылган.
Ад.: Генс И. Т. Мифунэ. М., 1974.