МИТЕ ООРУЛАРЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:09 учурдагы нуска
МИТЕ ООРУЛАРЫ - мите курттар (гелъминттер), мите жаныбарлар, жөнөкөйлөр (амёба, лейшмания, лямблия, плазмодийлер ж. б.) жана муунак буттуулар (чымынчиркейлер, биттер) ж. б. пайда кылган оорулар. Мите жаныбарлар. пайда кылган оору - инвазиялык, ал эми вирустар, козу карындар пайда кылса, жугуштуу оорулар деп аталат. Мите курттар гелъминтоздорду пайда кылат. Аларга аскаридоз, энтеробиоз, эхинококкоз, трихинеллёз, трихоцефалёз ж. б. кирет. Жөнөкөйлөр амебиаз, лямблиоз, безгек, лейшманиоз ж. б. ооруларды; мите курт-кумурскалар энтомоздорду, кенелер акароздорду пайда кылат. М. о-нын козгогучтары туруктуу жана убактылуу болуп айырмаланат. Убактылуу мителер табиятта же үйдө эркин жашап, кишиге азыктануу (чагуу) үчүн гана келет. Туруктуу мителер адамдын организминде өөрчүү мезгилинин бөлүгүн же бүт өмүрүн өткөрөт. М. о-нын козгогучтары киши организминде орун алышы, мителик кылышы боюнча сырткы (эктомителер) жана ички (эндомителер) болуп бөлүнөт. Эндомителер ички органдарда өпкө, боор, ичеги, булчуң ткандарында жашап, аларды жабыркатат. М. о. мите алып жүрүүчү же оорулуу жаныбар жана кишиден жугат. М. о-нын ичинен табигый очоктуу оорулар кездешет. Мисалы, кемирүүчүлөр лейшманиоз оорусунун очогу болуп, ал эми желимчилер таратуучулар, жугузуучулар болуп эсептелет. Ооруну врач дарылайт. Организмге зыян келтирбей, козгогучтарды өлтүрүп жок кылуучу химиялык каражаттар, кан дары-дармектери жана витаминдер колдонулат. Алдын алууда оорулуу жана мите алып жүрүүчүлөрдү убагында таап, дарылоо, мителерди кырып жок кылуу үчүн дезинфекция жүргүзүү, айлана-чөйрөнү түрдүү булгануудан сактоо зарыл.