МИНУСА ОЙДУҢУНДАГЫ «КЫРГЫЗ» ТОПОНИМДЕРИ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 18:00 учурдагы нуска
МИНУСА ОЙДУҢУНДАГЫ «КЫРГЫЗ» ТОПОНИМДЕРИ — Минуса ойдуңундагы кыргызга тиешелүү аталыштар. Минуса аймагынын (Хыргыс-Хакасия) Россияга бириктирилишине чейинки аталыштарында көп кезиккен. Азыркыга чейин да сакталып калгандары бар. Мисалы, Уйбат жана Бидна д-на уланган байыркы кыргыз каналдар - Хыргыс аргылары; Аскиз аймагындагы Ары-Таг тоосунун жанындагы байыркы суу аккан кыргыз арыгы - Хыргыс аргычагы; кыргыз тыйындары табылган дөбөлөр - Хыргыс ахчалыг хыр; Ак Июс д-на жакын жердеги жез тыйындар табылган дөбөлөр - хыргыс көдреси (кыргыз сазы); кыргыздар мекендеген Ус д-на жамаатташ аталган аймактар - хыргыс көшкен хол (кыргыздар көчүп өткөн бел) деп аталат. Булар менен кошо Мрасу д-нан Кобырда д-нын чатына чейинки тоонун бели, Чулум д-на жакын жайгашкан көл, Бейка д-н туташтырган байыркы канал, Табат, Кара Июс д-нын ойдуңундагы дөбөлөр жана атайын курулган аң түрүндөгү коргонуу дубалдары, Божье д-на чукул орун алган ашуу (Хыргыс Пили - Кыргыз бел), Кичи Абакан д-нын куймасы, Енисейдин сол куймасы (Кыргыс-Суг) да кыргыз топонимдерин алып жүрөт. Ал эми кыргыздарга тиешелүү көрүстөн-эстеликтер (хыргыс сөөктөри) 12 жерден табылып, аны жергиликтүү эл «кыргыз жоокерлеринин бейиттери» деп аташат. Булардан тышкары кыргыздар чыккан жол (хыргыс сыххан чол); кыргыз көрүстөндөрү (хыргыс сынрады); кыргыздар айылы (хыргыстар аалы); кыргыз өндүрүшү жайгашкан жер (хыргыс тогынган чир); кыргыз устаканалары (хыргыс узанган чир); кыргыз булактары (хыргыз хара суг); кыргыз жолу (хыргыс чолы); кыргыз талаасы (хыргыс чазы) ж. б. сыяктуу аталыштар көп
жолугат. Хакастардын тарыхый фольклорунда теңир-тоолук кыргыздарда айтылган «40 кыз» тууралуу уламыш кезикпейт, кыргыздардын жаралышы «ак чач кызга» («хыр хыс») байланышкан. Бирок 12-к-дагы кытай хроникасында (Юань ши) Хань жеринен (Кытай) келген 40 кыз Ус д-нда (Енисейдин оң куймасы) жашаган эркектерге турмушка чыгып, Енисей кыргыздарынын аталышы ушул окуяга (40 кыз) байланышып калганы эскерилген. М. о. «к». т. менен теңир-тоолук кыргыздардын этностук байланышынын тарыхын (башкача айтканда бөлүнүү процесси кайсы мезгилде жүргөнүн) изилдөөдө бирдей көз караш жок, к. Кыргыздар. О. Каратаев.