ВАТНАЙЁКЮДЛЬ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
2-tom>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
(Айырма жок)

18 январь 2024, саат 11:59 учурдагы нуска

ВА́ТНАЙЁКЮДЛЬ В а т н а - Й о к у л ь – Исландиядагы эӊ ири мөӊгү, муздук. Аянты 8538 км2. Муздун басымдуу калыӊд. 600–800 м, эӊ калыӊ жери 1036 м. Айрым мөӊгүлөрдүн этеги Атлантика океанынын жээгине чейин түшөт. В-дан Исландиянын эӊ бийик жери – Хваннадальсхнукюр чокусу (2119 м) көтөрүлүп турат. Мөӊгү басып жаткан жанар тоолор атылганда айрым учурда муз эрип, алаамат суу ташкынын пайда кылат. Түш. четинде Скафтафедль улуттук паркы жайгашкан.