МИЛОНИТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:09 учурдагы нуска

МИЛОНЙТ (грекче mylon - тегирмен) - тоо массив­деринин тектоникалык жаракаларында пайда болуу­чу кыймыл-аракеттен келип чыккан упадай майда талкаланган тектер. Күчтүү басым тоо тек­терди (гранит, гнейс, кристаллдуу сланец, квар­цит ж. б.) сүргүлөп майдалайт, ныктап таптайт. Упадай өтө майда талкаланып, ныкталып калат. Микроскоп менен караганда кварц, талаа шпа­ты жана слюданын майда какарттары, серицит даана көрүнөт. Катаклаздан упадай майда­ланган бүртүкчөлөрү (минералдары) менен айыр­маланат.