МИКРОСКОП: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:09 учурдагы нуска

МИКРОСКОП (микро... жана ...скоп) - көзгө кө­рүнбөгөн өтө майда объектилерди көрүүгө жана сүрөткө тартып алууга мүмкүндүк берүүчү опти­калык прибор. Азыркы М. менен чондугу 0,2 югден 0,0002 лгмжге чейинки объектилерди көрүүгө бо­лот. Биринчи жолу 1609-10-ж. Г. Галилей өзү жасаган дүрбүнүн окуляры менен объектисинин ор­тосундагы аралыкты өзгөртүп, аны М. катары пайдаланган. 1625-жылы немис окумуштуусу Фа­бер аны «микроскоп» деп атаган. 1665-жылы англ. окумуштуу Р. Гук жаныбар жана өсүмдүк клет­каларынын түзүлүшүн көрүп, М-ту илимий изилдөөдө биринчи колдонгон. М. жарык менен иштөөчү жана электрондук болуп айырмаланат. Жарык М-у объектини 3000 эсе, электрондук М. ЮОООден 300000 эсеге чейин чоңойтуп көрсөтөт, ал эми сүрөткө тартканда 1 миллион эсе чоңойтот. Жарык М-у күндүн жана жасалма жарык булагынын (электр лампасынын) жарыгын пайдаланууга негизделген. Ал оптикалык жана механикалык бөлүктөн турат. Оптикалык бөлүгү объектив менен оку­лярдан турат. Объектив карап жаткан нерсе­нин чоңойтулган сүрөтүн түзөт, майда бөлүк­чөлөрүн ажыратып көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. М-тун объективи кургак жана иммерсиялык бо­луп айырмаланат. Кургак объектив менен кара­ганда фронталдык линза менен изилденүүчү объек­тинин ортосунда аба жатат. Иммерсиялык сис­тема менен иштөөдө айнек менен линзанын орто­сунда гомогендик бир түрдүү чөйрө (май) орно­тулат. М-тун окуляры нерсенин объективде чо­ңойтулган сүрөтүн көз менен кароо кызматын ат­карат. Ал эки линзадан турат, нерсенин сүрөтүн кошумча чоңойтот. Ошондуктан М-тун жалпы чоңойтуусу объектив менен окулярдын чоңойтуу­сунун көбөйтүүсүнө барабар. Жарык М-у фаза контрасттык, люминесценттик, ультракызгылт көк нурлуу, уюлдук (полярдык), инференттик жана көрүү талаасы караңгы М-торго бөлүнөт. Жарык Мененан айырмаланып, электрондук М-то нерсеге электрондордун агымы жиберилет. М-тун жардамы менен микроорганизмдердин (бак­териялардын, козу карындардын, вирустардын ж. б.), өсүмдүк жана жаныбар, адам клеткала­рынын түзүлүшү, чоңдугу, формасы, ошондой эле ме­таллдын, минералдык заттардын кристаллдык түзүлүшү ж. б. изилденет.