МИКРООРГАНИЗМДЕР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 18:00 учурдагы нуска
МИКРООРГАНИЗМДЕР, микробдормикроскоп менен гана көрүнүп, көбүнчө бир клеткадан гана турган жандыктардын жалпы аты. М. жөнүндөгү илим - микробиология. М-ге бактериялар, микоплазмалар, актиномициттер, ачыткычтар, микроскоптук козу карындар, жөнөкөйлөр жана вирустар кирет. М. прокариоттор жана эукориоттор болуп эки чоң топко бөлүнөт. Прокариоттордун ядролорунун кабыгы жок, амитоз жолу менен бөлүнөт, хромосомасы бирөө, цитоплазмасында митохондрийлери, көпчүлүгүнүн хромотофорлору болбойт. Булар: бактериялар, микоплазмалар, актиномициттер, көк жашыл балырлар. Эукориоттор - ачыткычтар, микроскоптук козу карындар жана балырлар. Алардын клеткаларынын ядросу сыртынан кабык менен капталган, хромосомалары бир нече, цитоплазмасында бардык органоиддер бар, башкача айтканда клеткасы татаал түзүлүштүү өсүмдүктөр менен жаныбарлардын клеткасынан айырмаланбайт. М-диң формасы, тиричилик циклдери ар түрдүү. Денеси бир же көп клеткадан турат. Көбү мите - өсүмдүк илдетин, жаныбардын ылаңын жана адамдын жугуштуу ооруларын козгогучтар. М-дин сапрофиттери жана автотрофтору (кай бир
бактериялар, балырлар) дабар. М. жаратылышта кеңири таралган. Алар топуракта, сууда, атмрада жана ысык, суук, жог. басым ж. б. катаал шарттарда да жашоого ыңгайланышкан. Ошондуктан М-ди биосферанын чегинен да жолуктурууга болот. М. бөлүнүү, бүчүрлөө жолу менен, споралар аркылуу көбөйөт. М-дин жаратылышта заттардын айланышында жана эл чарбачылыгында мааниси зор.
Ад.: Стейнер Р., Эдельберг Э„ Ингрэм Дж. Мир микробов. М., 1981; Коротяев Анын Ичинде, Бабичев С. А. Медицинская микробиология, иммунология и вирусология. 4-е изд. СПб., 2008.