МИКЕНЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:09 учурдагы нуска
МИКЕНЫ - Арголидцеги (Түштүк Грекия) байыркы шаар, Эгей маданиятынын ири борбору. Биздин заманга чейинки 3-миң жылдыкта чакан турак-жай болгон. Биздин заманга чейинки 17-к-дан ахейлердин алгачкы таптык мамлекеттеринин биринин борбору. Биздин заманга чейинки 16- 15-к-да Мененын акрополунда чептер жана хан
сарайы тургузулган. М. 1400-1200-жылы гүлдөп, 1200-жылы өрттөн кыйраган. Шаарды казуу иштери (немис археологу Г. Шлиман, англис окумуштуусу А. Уэйс, грек окумуштуулары X. Цунтай, Г. Милонас ж. б.) 1876-жылдан мезгилмезгили менен жүргүзүлүп, сарай, табытканалар, чоң таштардан тургузулган дубалдар, кол өнөрчүлөрдүн үйлөрү ж. б. табылган.
