МЕТРОЛОГИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:09 учурдагы нуска
МЕТРОЛОГИЯ (грекче metron - ченем, өлчөм жана ...логия) - өлчөө, өлчөөлөрдү бирдиктөө жана талап кылынуучу тактыкка жетишүү методдору жөнүндөгү илим. Мененын негизги проблемаларына төмөнкүлөр кирет: өлчөөнүн жалпы теориясын түзүү (теориялык); физикалык чоңдуктардын бирдиктер системасын түзүү (колдонмо); өлчөө методдорунун жана өлчөө каражаттарынын бирдей болушун камсыз кылуу (закондук М.); эталондорду жана өлчөөнүн үлгүлүү каражаттарын жасоо; чендерди жана өлчөө каражаттарын текшерип туруу. Мененын өнүгүшүндөгү тарыхый этаптар: метр эталонун аныктоо (Франция, 18-к-дын аягы), бирдиктердин абсолюттук системасын түзүү (К. Гаусс, 1832), Эл аралык метрдик (чендик) конвенцияга кол коюу (1875), Бирдиктердин эл аралык системасын (СИ) иштеп чыгуу жана аныктоо (1960). М-лык изилдөөлөрдү Эл аралык метрол. уюм координациялайт. 20-май - Бүткүл дүйнөлүк М. күнү.