МЕТЕОРДУК РАДИО БАЙЛАНЫШ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:09 учурдагы нуска

МЕТЕОРДУК РАДИО БАЙЛАНЫШ — метеор бөлүкчөлөрүнүн иондошкон издеринин чагы­луусуна негизделген радио байланыштын түрү. М. р. б-на маалыматтарды (мисалы, телеграф ка­барларын) экилик код менен берүү жана контрол­дук сигнал берүү менен ар жердеги түзүлүштөрдүн көрсөткөндөрүнүн тууралыгын текшерүүдө кол­донулат. Иондошкон метеор издери 0,1-1,5 сек- га созулат, ошондуктан башка байланыш сис­темаларына караганда М. р. б-та маалыматтар­ды берүүнүн жана кабыл алуунун өзгөчө методдо­рун колдонуу талап кылынат. Метеор издери пайда болгон учурда маалыматтар өтө тез ыл­дамдыктагы үлүштөр (кыска мөөнөттүү сеанс­тар) түрүндө берилет. Үлүштөр түрүндө кабыл алынган маалыматтар жыйылгандан кийин каттоочу аппаратка кадыресе (стандарттык) ыл­дамдыкта берилет.