МЕТЕОР АГЫМЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 18:00 учурдагы нуска

МЕТЕОР АГЫМЫ - Жер атм-сы менен метеор уюгу кездешкенде атм-да байкалуучу метеорлордун тобу. Ал чаң, таштан турган эллипс шакек тү­рүндө болот. Метеор уюгу кометалардын ядро­сунун ажыроосунан пайда болот. Комета Кунгө жакындаганда өзүнөн кийин газ, чаңдан тур­ган из калтырат. Ыргытылуу бурчуна жараша кээ бир бөлүкчөлөр кометадан алдыга, ал эми кээ бири артында калат. Акырындап газ жана чаң орбита боюнча бөлүштүрүлөт. Шакек улам ке­ңейет бирок, перигелийде афелийге караганда ичке болот. Жер орбитасы менен кесилишкенде метеор жааны байкалат.