МЕТАЛЛОГРАФИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:09 учурдагы нуска

МЕТАЛЛОГРАФИЯ (металлдар жана ...графия) - металлдардын жана металл куймаларынын түзүлүшү (структурасы) жөнүндөгү илим. М. металл­дын ички түзүлүш законун, тартибин жана струк­турасынын өзгөрүшүнө жараша металлдын механикалык, электрлик, магниттик, жылуулук ж. б. касиет­теринин өзгөрүшүн изилдейт. Мененын негизги ме­тоддору: макро- жана микроструктуралык ана­лиз, рентген структуралык анализ. Бул анализ­дерди жүргүзүүдө колдонулуучу негизги курал­дар: оптикалык, электрондук микроскоптор жана рентген аппараты. М. металлдардын механикалык, физикалык жана химиялык касиеттерин жогорулата турган түзүлүшүн, аларды механикалык жана термиялык. ж. б. иштетүү технологиясынын натыйжалуу жолдо­рун табууга мүмкүндүк берет.