МЕТАЛЛДАР ТЕХНОЛОГИЯСЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:09 учурдагы нуска
МЕТАЛЛДАР ТЕХНОЛОГИЯСЫ - металлдарды өндүрүп алуу, иштетүү, кайрадан иштетүү ыкмалары жөнүндөгү комплекстүү илим. Кен байлыктарды өндүрүү, иштетүү, арасындагы металлдарды, металл куймаларын алуу, термиялык жана химиялык-термиялык жол менен иштетүү, басымдын таасири менен иштетүү, куюу өндурүшү, ширетүү, данакерлөө ж. б. процесстерди кучагына алат. Металлдан таарынды чыгарып же таарынды чыгарбай (ультраүн технологиясы, химиялык- термиялык иштетүү, электр-механикалык иштетүү) иштетилет. Кийинки кезде илимдин практикалык жана теориялык өнүгүшүнүн натыйжасында бир топ тармактары пайда болду. Металлдарды басым менен иштетүүдөн согуу, штамптоо, прокаттоо, чоюу, сыдыруу, ныктап пресстөө ж. б. тармактар бөлүндү.