МЕНИНГОКОКК ИНФЕКЦИЯСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:09 учурдагы нуска

МЕНИНГОКОКК ИНФЕКЦИЯСЫ - адамдын ме­нингококк козгогон жугуштуу оорусу. Менин­гококктор соо адамдын дем алуу органдарында көпкө чейин, кээде өмүр бою жашай берет. Оору­ну ошол микробду алып жүрүүчүлөр таратат. Микроб мээ кабыкчаларын сезгентип, борбордук нерв системасын жабыркатат. Менингококктор оору­луудан же аны алып жүрүүчүлөрдөн жөтөлгөндө, чүчкүргөндө, сүйлөгөндө шилекей менен бөлүнүп, айланадагы кишиге ооз, мурун аркылуу кирет. М. и. менен бардык жаштагылар, айрыкча жаш балдар (1-14 жаштагы) көп ооруйт. Оорунун алгачкы белгилери микроб жуккандан 1-3 күн­дөн кийин пайда болот. Оорулуунун башы, та­магы ооруп, жөтөлөт. Мурун бүтүп, дем кысты­гат, тез-тез чүчкүрөт. Дене температурасы 37-38°Сге көтөрүлөт. Көпчүлүк учурда оор өтөт. Мурун кеңилжээриндеги менингококктор канга өтүп, андан мээге жетип көбөйүп, мээ кабыгын сез­гендирет (менингит). Айрым учурда М. и. сеп­сиске айланганда денени кызамыкка окшош чыбырчыктар жыш каптап, териге кан куюлуп, чоң темгил тактар пайда болот. Эгерде мындай кан куюлуу ички органда болсо, жалпы кан басымы төмөндөп, оорулууну сактап калуу кы­йындайт. Ошондуктан оорунун алгачкы белги­лери байкалар замат врачка кайрылуу зарыл. Эртерээк ооруканага жеткирип, диагнозун тез коюп, туура дарылоо бул оорунун коркунучтуу кабылдоолорунун алдын алат.