МЕЛЕЖ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:09 учурдагы нуска
МЕЛЕЖ Иван Павлович (8. 2. 1921, Гомель губерниясы, Глинище кыш.- 9. 8. 1976, Минск) - беларус совет жазуучусу, Беларус ССР эл жазуучусу (1972). Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Беларус мамлекеттик университетин бүткөн (1945). Чыгармалары 1939-жылдан жарыялана баштаган. Туңгуч аңгемелери («Бороонду бет алып» жыйнагы, 1946), «Минск багыты» (1-2-китеп, 1949- 52) романы, «Согуш башталганда» (1969) майдан күндөлүгү согуш окуялары, Беларуссияны бошотуу жөнүндө. М-дин жалпыга таанымал «Саздагы кишилер» (1961; Лениндик сыйл., 1972), «Добулдун илеби» (1965) романдарында беларус айыл-кыштактарын революциячыл жол менен кайра куруу процесси, жаңырган эл турмушу баяндалат. Эки роман тең терең психологизмге каныгып, эпикалык чеберчилик менен жазылган. М. - БССР Жогорку Советинин (7-8-шайланышынын) депутаты, Тынчтыктын бүткүл дүйнөлүк советинин мүчөсү (1970), Беларуссия жазуучулар союзунун башкармасынын председателинин орун басары (1966-76). Беларус ССР мамлекеттик сыйл. лауреаты (1976, өлгөндөн кийин). Төрт орден жана медалдар менен сыйланган.
Ад.: Кулешов Ф. И. Подвиг художника; Литературный путь И. Мележа. Минск, 1982.