МЕКЕ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:09 учурдагы нуска
МЕКЕ (арабча М а к к а, Маккат аль-Мукаррама - ыйык жана улуу даражалуу Мекка) — Сауд Арабиясынын батышындагы шаар. Меке эмирлигинин администрациялык борбору. Тоо аралык ичке өрөөндө, Кызыл деңизден 80 км алыстыкта жайгашкан. Ислам дининин башкы диний борбору. Башка диндегилер үчүн жабык шаар. Калкы 1,5 миллион (2010; калкынын саны боюнча өлкөдөгү 3-шаар).
Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Шаар калкы диний таат-ибадат буюмдарын чыгарат жана сатат; зыяратка келгендерди (2010-жылы 3 миллион; жылына 100 миллион доллардан ашык киреше түшөт) тейлейт. Земзем булагынын «ыйык суусун» сатуу менен да алектенет. Ири кушканалар (анын ичинде курмандыкка чалынган малдын эти башка өлкөлөргө акысыз жөнөтүлөт), эмерек, темирден ашкана буюмдарын жасоочу, текстиль ишканалары иштейт. Тумар жана белек-бечкектер даярдалат. Мененин кайсы мезгилде пайда болгону белгисиз. Шаар алгач 2-к-дан эскерилет. Земзем булагына байыр алган элдин турагы Макорабо аталганы тууралуу Птолемей «Географиясында» жазып калтырган. Кээ бир окумуштуулар Геродот Макарабо деп эскерген шаар М. болуш керек деп эсептешет. Биздин замандын 4-к-нын аягы - 5-к-дын ортосунда арабдардын курайшит уруусу Меке вадисинин айланасында отурукташкан. Ошол кезде эле Земзем булагынын жээгинде мусулман мечити Кааба турган. Ислам дини негизделгенге чейин Каабага тиешелүү таштан салынган Хубала Араб ж. а-нда жашаган бутпарас урууларынын диний жана соода (7-кылым) борбору болгон. Адам келбетин элестеткен оң колу алтын таш статуя Каабага жайгашкан. Менени курайшиттердин башчысы Кусайя ибн Килаб (биздин замандын 5-6-к-дын башы) негиздеп, ар бир урууга Каабанын тегерегинен жер бөлүп берип, Земзем булагынын көзүн тазалап, өзү жашаган жайды «Чогулуш үйүнө» айландырган. М. - ислам дининин ыйык тарыхында Кудай тандап алган жер деп эсептелинет. М-де ислам динин негиздеген Мухаммед пайгамбар 570-ж. ченде туулган. 7-к-дан мусулмандардын ыйык шаары жана зыярат кылуучу (5 парзынын бири - ажылыкка келүүчү) жайы. Шаардын айланасы (8-18 км) корукка алынып, ал жерде кан төгүүгө жана дан өсүмдүктөрүн өотүрүүгө тыюу салынган. Аббасилер халифаты кыйраган соң (10-кылым), М. Египет династиясынын карамагында болгон. 930-ж. карматтар тарабынан талкаланып, Каабанын кара ташын шаардан алып кетишип, 952-ж. кайтарышкан. Египетти түрктөр басып алганда М. түрк султандарынын көз каранды эместигин тааныганы менен Өз алдынчалыгын сактап калган. 1916-24-ж. М. - Хижаз королдугунун борбору, 1924-жылдан Сауд Арабиясынын курамында.
Мененин турак-жайы 7-к-да таш менен ылайдан салынган бир кабаттуу үйлөрдөн туруп, көчөлөрү Каабадан башталып, көрүстөн менен аяктаган. 7-8-к-дын башында кабаттуу үйлөр, ак сарайлар, акведуктар салынган. О. кылымда Мененин 3 дарбазасы болгон: жогоркусу (түндүк-чыгышта) Арафат тоосун жана Иракты, төмөнкүсү (түштүктө) Йеменди, батыштагысы Мединаны караган. Аль Масжид аль-Харам мечити (БейтУллах; учурдагысы 16-17-к-га таандык; ыйык Каабаны курчай курулган), Баб-аль-Умра минарети (755-57), Ак сарай (160x110 м) кумпатизмектеринен (алар 550 мрамор жана гранит түркүктөрүндө) турган галереялар, чатырлуу павильон бар. Дубалдын ички бетинин бийиктиги 20 м. Анын 4 салтанат дарбазасы, 9 минарети (ар биринин бийиктиги 89 м) жана кичи кирүү жайлары (бОтан ашык) зал менен галереяны бириктирет. Алар Каабанын ыйык короосун айланта курчап турат. 20-к-да Мененин ыйык
Билаль, Райя (мусулмандар жеңгенде Мухаммед штандарт көтөргөн жер), Абу Бакр ж. б. мечиттери кайрадан курулган. «Абраж аль-Бейт» мунаралуу мейманкана комплекси (100 миң кишилик) «Маккай С1оск Коуа1 Тодаег» асман тиреген курулушу (бийиктиги 577 м), соода жайы, конференция залы жана мечити (10 миң кишилик) менен өзгөчөлөнүп турат. Шаарда эл аралык ислам уюмдарынын штаб-квартиралары, 4 (сүннөттөр жана шейиттер) окуу жайы, Умм-аль-Кура университети (1949, коллеж; 1981-жылдан азыркы статусунда), китепканалар (Шейх Аббас Катан, АльХрам) бар. Туризм өнүккөн. Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон тартып, М-ге жыл сайын 4 миңден ашык адам зыяратка (ажылыкка) барат.
