МЕЙЕРХОЛЬД: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 18:00 учурдагы нуска
МЕЙЕРХОЛЬД Всеволод Эмильевич (Карл Казимир Теодор Майергольд) [28. 01 (9.02). 1874, Пенза - 2. 02. 1940, Москва] советтик режиссёр жана актёр, Респ-канын эл арт. (1923). Москва филармония коомунун музыкалык драма окуу жайын бүтүрүп, 1898-1902-жылы Москва көркөм театрында актёр болуп иштеген. 1902-06-ж. «Жаңы драматеатры» труппасынын актёру жана режиссёру. Ушул мезгилде

М. символизмдин поэтикасына байланыштуу шарттуу-эстетикалык театрдын программасын көтөрүп чыгат. 1917-жылы саясий-агитациячыл театр уюштуруу идеясын көтөргөн. Херсон, Николаев, Петербург ж. б. ш-да актёр жана реж. 1920-38-ж. Москва театрын (Мейерхольд атындагы театр) жетектеген. М. мамлекеттик Жогорку режиссёрдук (кийинчерээк театрдык) өнөрканаларды уюштурган, ал жерден актёрлор тобу үчүн жаңы - биомеханика ыкмасын иштеп чыккан. В. В. Маяковскийдин «Мистерия-Буфф» (1921), «Кантала» (1929) жана «Мончо» (1930), Н. Р. Эрдмандын «Мандат» (1925), А. Н. Островскийдин «Токой» (1924), Н. В. Гоголдун «Текшерүүчү» (1926); А. С. Грибоедовдун «Акылдын азабы» (1928), А. Дюманын (уулу) «Камелия кармаган аял» (1934) ж. б. спектаклдерди койгон.