МЕЗОЛИТ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 18:00 учурдагы нуска
МЕЗОЛИТ (мезо... жана грекче lithos - таш) - биздин заманга чейинки 10-7-миң жылдыктарга туура келген орто таш доору. Доордун башталышы геол. голоцен доорунун башталышы менен дал келет. Бул учурда муз доору тартылып, жаратылыш шартында, жаныбарлар дүйнөсүндө чоң өзгөрүүлөр жүрүп, климат азыркы абалдагыдай болуп калыптанган. Көптөгөн жаныбарлар (мамонт, жүндүү керик, бизон ж. б.) жок боло баштаган. Мергенчиликтин негизги олжосу элик, багыш, бугу өңдүү жаныбарлар болгон. Бул өзгөрүүлөр адамдарга жашап калуу үчүн жаңы шартка ыңгайлашууга түрткү берген. М. доорунда майда микролиттик таш куралдары кеңири тараган. Алардын ичинен кесүүгө, саюуга ыңгайлуу болгон жалпак таштардын мааниси зор болгон. Ошондой эле кыргычтар, кескичтер, тешкичтер кеңири колдонулган. Микролиттер менен бирге мурдагы доорлорго мүнөздүү куралдар - сай таштан жасалган уруу, кесүү, чабуу үчүн колдонулуучу буюмдар да болгон. Балта сымал кылдат жасалган жаңы куралдардын пайда болушу байкалган. Сөөктөн, мүйүздөн жасалган куралдарды колдонуу жана аларды жасоо ыкмалары өнүккөн. Атайын балык кармоо үчүн кайырмак, дегээ пайда болгон. М. доорундагы негизги чарба - мергенчилик жана
жыйноочулук. Жаратылыш шартынын өзгөрүшү мергенчиликтин жаңы ыкмаларын жана куралдарын талап кылган. Ушул мезгилде жаа менен жебе пайда болгон. Эң алгачкы үй жаныбары катары ит колго үйрөтүлгөн. Мурдагыдай топ-тобу менен аңчылыктын ордуна жеке аңчылыкка чыгуу өндүрүмдүү болгон. Бул доордо балык уулоочулук кыйла өнүккөнүн турак жайлардагы балыктардын сөөк калдыктары жана балык уулоо куралдарынын табылышы далилдеп турат. М. доору адамзат коомунун өнүгүшүнүн жаңы баскычы болуу менен келечекте жаңы чарба формаларына - дыйканчылыкка жана мал чарбачылыкка өтүүгө негиз берген. 1956-жылы В. А. Ранов Алай өрөөнүндөгү таш дооруна таандык бир канча эстеликтерди ачкан. Туз-Суу д-нын агымынан нуклеус табылган. М. жана неолит дооруна таандык эстеликтер Ак-Сай, Арпа өрөөндөрүнүн Сары-Илик, Терек, Кочкор-Жал деген жерлеринен да
кездешкен. М. доорундагы эстеликтер Фергана өрөөнүнүн үңкүрлөрүнөн, тоо этектериндеги түздүктөрүнөн да учураган. Толук изилденген эстеликтер - Сох суунун жогорку жагындагы Обишир уңкурлөру, Таш-Көмур уңкуру.
Ад.: Мезолит СССР. М., 1989; Клейн Л. С. Археологическая периодизация: подходы и критерии// 81га1ит Р1из. 2000. № 1.
