МЕДИТАТИВДИК ЛИРИКА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 18:00 учурдагы нуска

МЕДИТАТИВДИК ЛЙРИКА, медитатив­дүү лирика (латынча тереңдетилген жана мак­сатка багытталган ой жүгүртүү) - турмуштун бул же тигил маселелери боюнча акындын поэти­калык терең ой жүгүртүүсү, лириканын түрү. М. л. көбүнчө философиялык поэзия менен айкалышат. Мындай лирикага сентименталисттер менен роман­тиктер көп кайрылышкан. Кээде кургак ой жүгүрткөн, маңызсыз ырларды да какшыктап ушул термин менен аташа. М. л. кыргыз поэзия­сында 60-жылдардан кийин бир кыйла жакшы өнүккөн [мисалы, Адамдар төрөлөт түндөрдө, Адам­дар көбөйөт түндөрдө, /Адамдар сүйүшөт түндөрдө/, Адамдар өлүшөт түндөрдө, /Түн - чоң сыр/, Түн - дүлөй турмуш, /өз балдарын жу­туп/ жана тынымсыз /кайра ордуна/ төрөп жат­кан мезгилдей (С. Тургунбаев)].