МБАБАНЕ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 18:00 учурдагы нуска

МБАБАНЕ - Свазиленд Королдугунун борбору. Хохо округунун администрациялык борбору. Өлкөнүн түндүк-ба­тышында, Ажыдаар тоосунун этегинде, Мдим­ба бөксө тоосунда, деңиз деңгээлинен 1150 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 62,0 миң (2010). ТАРдын

Шаардагы көчөлөрдүн бири.

түндүк-батышы жана Манзини ш. (андан ары Ма­путу, Мозамбик) менен автомбиль жолу аркылуу байланышат. М-ге калк 18-к-да эле отурукта­ша баштаган. 19-к-дын аягында свази элинин жол башчысы Мбандзенинин резиденциясына жакын жерде негизделген. 1899-1902-жылы Улуу Британияга көз каранды болуп келген. 1903- 68-ж. Британиянын Свазилен протекторатынын администрациялык, 1968-жылдан Свазиленддин борбору. Та­мак-аш, тигүү, металл иштетүү, а. ч. азыктарын (бал камыш, жүгөрү, цитрус өсүмдүктөрү) иште­түүчү ө. ж. ишканалары иштейт. Университеттин кам­пусу, фонд биржасы бар. М-ге жакын жерде ас­бест иштетилет. Жыл сайын свази элинин каа­да-салты менен коштолгон Инквала, умланга бийи фестивалдары жана элдик майрамдар өткөрүлүп турат. Млилване табигый паркы (Түштүк Афри­канын экзотика фаунасынын екүлдөрү - керик, крокодил, жираф, зебра ж. б. мекендейт) уюш­турулган. Туризм өнүгүүдө.

МБУЖИ-МАЙИ (1966-жылы чейин Б а к в а н­г а) - Конго Демокр. Респ-нын түштүк бөлүгүндөгу шаар. Чыгыш Касаи провинциясынын администрациялык борбору (1962). Санкуру д-на Бушимае д. куя бериште жайгашкан. Калкы 1,6 миллион (2010). Автомобиль жолу аркылуу Кананга ш. менен ту­ташат. Аэропорту бар. 20-к-да негизделген. 1960-61-ж. өзүн-өзү жарыялаган Түштүк Касаи мамлекетинин борбору болгон. 1997-жылы 1-Кон­го согушу мезгилинде Л. Д. Кабила тарабынан басылып алынган. Неороман стилиндеги ка­федралуу собор (1949), университет (1990) бар. Алмаз казып алуунун [«8ос1ё1ё Мпиеге с!е Вак^/ап^а» (М1ВА) мамлекеттик компаниясы] ири борбору. Таза (кенташтагы эмес) алтын казылып алынат. Та­мак-аш-татымал ө. ж. ишканасы иштейт.