МАШИНА КУРУУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:09 учурдагы нуска
МАШИНА КУРУУ - автомобиль, курал-жарак, аспап, керектөө заттары менен коргонууга ылайыкталган продукция түрүнүн дээрлик бардыгын чыгарган оор ө. ж-нын тармагы; кайра өндүрүү ө. ж-нын негизги тармактарынын бири. Ушул тармак ИТПнин жана өлкөнүн коргонуу деңгээлин, башка тармактарынын өнүгүшүн чагылдырат. Учурдагы М. к. өндүрүштүн өтө татаалдашкан жана тарамдалган (дифференциациаланган) тармагын камтыйт. Чыгарган продукциянын ассортименти, өндүрүштү жайгаштыруу өзгөчөлүктөрү жана технол. процесстери боюнча жалпы (экономиканын бардык тармактары үчүн өндүрүш каражаттарын чыгарууга адистешкен), транспорттук, электрондук (электр-техника менен), аспап куруу, энергетикалык курал жана аскер техникасы ж. б. М. к. тармактарына бөлүнөт. М. к. ишканалары толук циклдүү жана чогултуучу заводдор болуп айырмаланат. 0. эле М. к. ишканалары техникалык-экономикалык өзгөчөлүктөрү боюнча металл сыйымдуу, эмгек сыйымдуу, илим сыйымдуу ж. б. да болуп бөлүнөт. Алар өз кезегинде оор М. к. (т. ж. транспорту, кеме куруу, авиация ж. б.), жалпы М. к., орто М. к. (автомобиль куруу, станок жасоо ж. б.), так М. к. (аспап куроо, радиотехника, электр-техникалык өндүрүш ж. б.), металл буюмдарын жасоо жана даярдоо (зым, мык ж. б.), машиналарды жана каражаттарды ондоо болуп бөлүнөт. Дүйнөдө М. к. боюнча алдынкы өлкөлөргө АКШ, Германия, Япония, Кытай, Корея ж. б. кирет да, тармактын ири компаниялары - Пепега! Е1ес1гхс, (Зепега! Мо1огз, Тоуо1а Мо1ог Согрогайоп ж. б.