МАШИНА ЖАНА МЕХАНИЗМДЕР ТЕОРИЯСЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:09 учурдагы нуска
МАШЙНА ЖАНА МЕХАНИЗМДЕР ТЕОРИЯСЫ - машина менен механизмдин түзүлүшүн изилдөө жана алардын схемаларын долбоорлоо ыкмалары жөнүндөгү илим. Ал негизинен механизмдер теориясы менен машиналар теориясынан турат. Механизмдер теориясында бардык механизмдерге тиешелүү касиеттер изилденет. Машиналар теориясында техниканын түрдүү тармагында колдонулуучу машиналарга тиешелүү изилдөөнүн жалпы методдору менен долбоорлоолор каралат. М. ж. м. т-нын негизги бөлүмдөрү: механизмди синтездөө, машина жана механизмдер динамикасы, автомат-машиналар теориясы. М е х анизмди синтездөө үч этаптан турат. Биринчи этапта синтездин негизги критерийи жана чектөөчү шарт тандалат. Ар бир механизм колдонулушуна жараша формасы жана мазмуну ар кандай бир нече милдет аткарууга тийиш. Мында технол. жана констр. маселелер математикалык маселе түрүндө каралат. Экинчи этапта синтездин негизги критерий чоңдугун мүнөздөөчү функциянын анализдик туюнтулушу берилет. Негизги крйтерийди тандоо механизмдин аткарган милдети менен аныкталат. Үчүнчү этапта чектөөчү шарттарды эске алып, негизги критерийди жалпылоо менен механизмдин туруктуу параметрлери эсептеп чыгарылат. Механизмди синтездөөдө ЭЭМ кеңири колдонулат. Автомат-машиналар теориясына программалуу башкаруу системаларын, ошондой эле ө. ж. роботторун долбоорлорун түзүү кирет. Ал М. ж. м. т-нын эң негизги бөлүмү катары 1945-50-ж. өнүгө баштады. Автомат-машинанын механизмдери өзүн өзү башкаруу системасы аркылуу иштейт. Алар автоматтык башкаруу системаларын түзүү менен тыгыз байланышкан. Автомат-машиналардын тиричиликтин бардык тармагында кеңири колдонуу эмгек өндүрүмдүүлүгүн өстүрүүнүн жана акыл, оор күч эмгегинен бошотуунун бирден бир жолу болгондуктан, автомат-машиналар теориясы чоң мааниге ээ.
Ад.: Артоболееский И. И. Теория механизмов и машин. 5-е изд. М., 2008; Теория механизмов и механика машин. 6-е изд. М., 2009.