МАШИНА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 18:00 учурдагы нуска
МАШИНА (фр. machine) - энергия, материал жана маалыматты (информацияны) өзгөртүп түзүп, механикалык жумуш аткаруучу түзүлүш. М. адам эмгегин жеңилдетет жана өндүрүмдүүлүгүн жогорулатат, аны жарым-жартылай же толук алмаштырат. Аткарган жумушуна карата М. энергетикалык, жумуш аткаргыч жана маалыматтык (информациялык) болуп бөлүнөт. Энергетик а л ы к М. - энергиянын ар кандай түрүн механикалык энергияга айландыруучу машина-кыймылдаткыч; мисалы, электр кыймылдаткычы, ичинен күймө кыймылдаткыч, турбина, поршендүү жана буу М-лары ж. б. Жумуш аткаргыч М. технол. жана транспорттук болуп бөлүнөт. Технол. М-да катуу, суюк жана газ абалындагы материалдардын формасы, касиеттери жана мейкиндикте ээлеген орду өзгөртүлөт. Алар металл кескич станок, кездеме токуучу станоктор, айыл чарба М-лары, полиграфиялык М. ж. б. Транспорттук М-лар материалды (нерсени) бир жерден башка жерге ташыйт, мисалы, көтөргүч кран, экскаватор, конвейер, автомобилъ, станок, кеме ж. б. Маалыматтык М-лар - маалыматты өзгөртүп түзөт. Эгерде маалымат сан түрүндө берилсе, анда эсептегич М. деп аталат. Мисалы, арифометр, механикалык интегратор, калькулятор, эсепкысап (бухгалтериялык) ж. б. М-лар. М. энергияны, материалды, информацияны өзгөртүп түзүүлөрдүн бардыгын адамсыз аткарса, автомат М. же автомат деп аталат. Автомат М. адам эмгегин жеңилдетип, эмгектин жогорку өндүрүмдүүлүгүн камсыз кылат.
Ад.: Фролов К. В. Избр. труды. М., 2007. Т. 2: Машиноведение и машиностроение.