МАХМУД КАШГАРИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 18:00 учурдагы нуска

МАХМУД КАШГАРИ, Махмуд ибн ал-Хусейн ибн Мухаммед ал-Кашгари [1029, Барскан (Бар­сахан) ш., Ысык-Көлдүн жээги - ө.ж.б.]-11- к-да О. Азиядан чыккан окумуштуу-филолог, түрколог, энциклопедист окумуштуу. Өмүр баяны жөнүндө так маалымат жок. Теги ак сөөк Караханиддерден тарап, өз атасы Барскан ш-нын эмири болгон. М. К. адегенде Кашкар ш. (ошондуктан Кашгари - кашкарлык аталып калган), кийин

Бухара, Самар­канд, Нишапур, Багдад ш-нан би­лим алган. Жаш кезинен түрк урууларынын тил­дерине [печенег (беченек), кыпчак (кыфчак), огуз, йемек, тухсы, яг­ма, кыргыз, йаба­ку ж. б.], фольк­лоруна, этногра­фиясына кызы­гып, алар отурук­ташкан жерлерди кыдырып, алардын салт-санаасы, кулк-мүнөзү тилдик өзгөчөлүктөрү чагылдырылган материал­дарды уламыш, макал, лакап, идиома, ыр түр­мөктөрүн жыйнаган. Жыйналган лингвистикалык, этногр., тарыхый маалыматтарды 1072-77-ж. системага салып, жараткан эмгеги «Түрк тилдеринин сөздүгү» («Дивану лугат ит-турк») деген ата­лыш менен белгилүү болгон. Бирок бизге ал эмгек­тин түп нускасы эмес, сириялык Мухаммед ибн Абу-Бакрдын көчүрмөсү жеткен. 1072-74-ж. араб тилинде «Түрк тилдеринин сөздүгүн» түзгөн. Ал сөздүк эки бөлүмдөн туруп, биринчи бөлүмүндө китепти жазуунун максаты, түрк тилинде сүй­лөгөн уруу, уруктар тууралуу, экинчи бөлүмүндө түрк тилинин сөздүгү, учкул сөздөр, элдик оозеки чыгарманын үлгүлөрүнөн кабар берген. 2011-жылы М. К-нин сөздүгүнүн 1-китеби кыргыз тилине которулду. Мындан тышкары М. К-нин бизге жетпей калган «Түрк тилдеринин син­таксиси» («Китаб жавахир ан нахв фи лугат ат­түрк») китеби болгондугу айтылат.

Ад.: Чоротегин Т. К. Махмуд Кашгари (Барскани) жана анын «Дивану лугати ит-түрк» сөз жыйнагы (1072-1077). Б., 1997.