МАУРЬЯЛАР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 18:00 учурдагы нуска
МАУРЬЯЛАР - биздин заманга чейинки 4-2-к-дагы байыркы Индиядагы Магадха падышаларынын династиясы. Аны Чандрагупта I Маурья (биздин заманга чейинки 317-293-ж. башкарган) негиздеген. Ал Магадхага Түндүк-Батыш Индия менен Чыгыш Афганстанды кошкон. Биндусара (биздин заманга чейинки 293-268-ж. башкарган) М. империясынын чек арасын Деканга чейин кеңейткен. М. мамлекети Ашоканын учурунда (биздин заманга чейинки 268-232-ж. башкарган) зор кубаттуулукка жетип, Калингу мамлекетин караткан жана Индиянын башка мамлекеттер менен маданий, экономикалык байланышын кыйла кенейткен. Биздин заманга чейинки 3-к-дын аягы - 2-к-дын башында М. мамлекети начарлай баштаган. М-дын акыркы өкүлү Брихадратха биздин заманга чейинки 180-ж. кол башчысы Пушьямитро тарабынан өлтүрүлгөндөн кийин, бул династия жашоосун токтоткон.