МАРТ ОКУЯСЫ (2005): нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:32 учурдагы нуска
МАРТ ОКУЯСЫ (2005) - советтик система кыйрагандан кийинки 15 жыл ичинде Кыргызстанда түзүлгөн оор социалдык-экономикалык кырдаалдан улам коррупциялашып кеткен бийликтин жүргүзгөн саясатына каршы багытталган жалпы элдик кыймыл. М. о-нын чыгышынын негизги себептери: бардык бийлик бутактарынын (аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот бийлигинин) негизги рычагдары акырындап жеке бир адамдын (президенттин) колуна топтолушу; өлкөнүн экономика, финансы жана жер-суу ресурстарына үйбүлөлүк монополиянын орношу; экс-президенттин үй-бүлөсү менен анын дос-тамырларынын кызыкчылыгы мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору коюлушу; чет элдик кредиттер менен мамлекеттик финансы каражаттарын президенттин үй-бүлөсү менен жогорку бийлик өкүлдөрүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн пайдаланылышы; Кыргыз мамлекетинин коңшу өлкөлөр менен чек ара маселеси эл аралык деңгээлде такталбастан, коңшу өлкөлөргө бериле башташы; оппозициячыл маанайдагы массалык маалымат каражаттары (телекөрсөтүү, радио уктуруу, гезит ж. б.) катуу көзөмөлгө алынып, куугунтукталышы; саясатта жалганчылык менен алдамчылык күндөлүк нормага айланышы; жеке үй-бүлөлүк башкаруу бийлигин күчөтүү үчүн КР конституциясын өзгөртүү боюнча активдүү аракеттердин башталышы ж. б. Өлкөдө түзүлгөн ушундай жагдайда калктын жашоо деңгээли кескин начарлап, жумушсуздардын саны 2003-04-ж-дагы расмий маалымат боюнча 200 миңден ашкан (иш жүзүндө мындан 3-4 эсе жогору). Коомдо социалдык жиктелүү күчөп, айрымдары эбегейсиз байыса (калктын 5-10% и), калгандары өтө эле жакырданып (калктын 30-40% и) кеткен. Энергетика тармагындагы жоготуулар 3-4 миллиард сомго жетип, өлкөнүн жаратылыш байлыктары (сурьма, алтын, суу ж. б.) уурдалган, ички жана сырткы
товардык карым-катнаш, соода жүгүртүү бүтүндөй көмүскө фирма менен компаниялардын колуна топтолуп, пайданын 20-30% и гана мамлекеттик бюджетке түшүп турган. М. о-нын башталышына айрыкча 2005-жылы 27-февралдагы КРдин Жогорку Кеңешине шайлоо учурундагы одоно мыйзам бузуулар, көрүнүктүү коомдук жана мамлекеттик ишмерлердин кандидатураларынын эч негизсиз четтетилиши калк ичинде катуу нааразылык жаратып, элдик толкундоолордун күчөшүнө түрткү берген. Өлкөнүн бардык облустарында, шаарларында митингдер өтүп, 2005-жылы 24-мартта Бишкекте митингчилер Ак үйдү басып алган. Президент А. Акаев өлкөнү таштай качып, премьер-министр Н. Танаев өз арызы менен кызматтан кеткен, жаңы шайланган КР Жогорку Кеңештин депутаттары мандаттарын өткөрүп берген. 24-марттан 25-мартка караган түнү Бишкекте баш аламандык башталып, борбордук көчөлөрдөгү көптөгөн супермаркет, дүкөн ж. б. мекемелер таланып-тонолгон. А. Акаевдин 15 жылдык бийлиги аяктап, үй-бүлөсү, жакын чөйрөсү менен өлкөдөн чыгып кеткен соң, өлкөдөгү бийлик К. С. Бакиевдин колуна өткөн. Бирок, жаңы бийлик да элдин талаптарын ишке ашырган эмес. К. Бакиевдин жүргүзгөн бийлиги учурунда оппозицияны куугунтуктоо, каршылаштарын тымызын өлтүртүп жок кылуу, журналисттерди куугунтуктоо, бийликти сынга алган телеканал жана гезиттерди жаптыруу; өлкөнүн аймагын криминалдар башкарган зоналарга бөлүү; банктарды, пайдалуу ири компанияларды, басма сөз каражаттарын, пансионаттарды ж. б. объектилерди рейдерлик менен тартып алуу, банк эсебиндеги акча каражаттарын, баалуу кагаздарды афёра жолу менен ээлөө күчөгөн; чет элдик кредит, грант, гуманитардык жардам, ишкердик үчүн которулган акча валюталары «үйбүлөнүн» өзгөчө көзөмөлүнө өткөн; жогорку кызмат орундары, аскер чиндери ачык эле сатыла баштаган; инвесторлордон киргизгени үчүн «сый акча», «откат» алуу 30%тен 50%ке өскөн. 2010-жылы апрель окуяларынын алдында Бакиев режими электр
энергиясына бааны 100% , үйдү жылытуу, ысык суу үчүн төлөмдү 500% ке көтөргөн. Өлкөдө Бакиев бийлигине болгон эл ишеничи биротоло кетип, кыжырданган калың масса режимди кулатып, президентти жанжөкөрлөрү менен өлкөдөн кууп чыккан күн кыргыз .элинин тарыхында кандуу «апрель окуясы» аталып калды. Апрель окуясы (2010) - Бакиевдин кандуу режимине каршы көтөрүлгөн элдик көтөрүлүш; мында криминалдашып кеткен бакиевчилердин огунан ондогон кыргыздын эр-азаматтарынын өмүрү кыйылып (87 адам окко учкан), минден ашык адам оор жаракат алган. Окуянын жүрүшүндө Ак үй ж. б. өкмөт мекемелери, супермаркеттер, дүкөндөр жана бакиевчилердин үй жайлары талкаланып, таланып-тонолгон. Жыйынтыгында бийлик оппозициянын колуна өтүп, өлкөдө демокр. өнүгүүгө жол ачылган. Жаңы конституция кабыл алынып, парламенттик башкаруу системасы киргизилген.
Т. Жуманалиев.