МАРОККО: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:32 учурдагы нуска

МАРОККО, Марокко Королдугу (арабча Аль-Мамляка аль-Магрибия) - Түндүк-Батыш Африкадагы мамлекет. Түндүгүнөн Жер Орто­лук деңиз, батышынан Атлантика океаны, чы­гышынан жана түштүк-чыгышынан Алжир, түш­түгүнөн Сахара Батыш аймагы менен чектешет. Аянты 446,5 миң км2. Калкы 32,1 миллион (2011).

Борбору - Рабат ш. Администрациялык-аймактык жактан 14 об­луска [ал 52 администрациялык бирдикке (шаар префектура­сына жана вилайеттерге)] бөлүнөт. Акча бирди­ги - марокко дирхамы. М. - БУУнун (1956), Араб өлкөлөр лигасынын (1958), ЭВФтин (1958), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995) мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү.

М. - унитардык мам­лекет. Конституциясы 1972-жылы кабыл алынган. Вашкаруу формасы - конституциялык монар­хия. Мамлекет башчысы - король. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы - эки па­латалуу парламент (Өкүлдөр палатасы жана Ке­ңешчилер палатасы).

Аткаруу бийлигинин жогорку органы - пре­мьер-министр башында турган өкмөт (Министр­лер кеңеши). М-до көп партиялуу саясий систе­ма орун алган. Башкаруучу партиялары: «Ис­тикляль», Прогресс жана социализм партиясы, Бириккен элдик кыймыл ж. б.

Администрациялык-аймактык бэлүнүшү (2009)

Облустары

Аянты, миң клг2

Калкы, миң

Администрациялык борборлору

Чыгыш

82,8

1994,3

Ужда

Гарб-Шрарда-

Бени­Хсен

8,8

1972,1

Кенитра

Гулиман

59,8

426,3

Гулимин

Дуккала-Абда

13,3

2104,1

Сафи

Касабланка (Чон Касабланка)

1,6

3897,7

Касабланка

Марракеш-Тен­сифт-Эль-Ауз

31,2

3290,4

Марракеш

Мекнес-Тафилальт

79,2

2265,2

Мекнес

Рабат-Сале-Зам­мур-Заэр

9,6

2509,7

Рабат

Сус-Масса-Драа

71

3369,6

Агадир

Тадла-Азилаль

17,2

1538,3

Бени-Меллаль

Таза-Эль-Хосейма­Таунат

24,2

1851,1

Таза

Танжер-Тетуан

11,6

2619,9

Танжер

Фес-Бульман

19,8

1668,2

Фес

Шавия-Вардига

16,8

1731,0

Хурибга

Табияты.

М. - тоолуу өлкө. Түштүк-батышы­нан түндүк-чыгышка карай Атлас тоолору (бийиктиги 4165 лг; Тубкаль чокусу) созулуп жатат. Түштүгү менен түштүк-чыгышын Сахара чөлү ээлесе, Атлан­тика жээгиндеги түздүктөр да ага карайт. М-нун аймагынын көпчүлүк бөлүгүнүн климаты суб­тропиктик, түндүгүндө жер ортолук деңиздик, түштүгүндө континенттик. Январдын орт. темп­расы 10-12°С, июлдуку 24-28°С. Жаан-чачыны 500-1000 мм, түштүгүндө жылына 200 лгжден аз. Өлкөнүн түштүгүндө бир нече жыл бою жаан жаабайт. Кышы жумшак. Жайы ысык (жыл­дын 4-6 ай бою абанын температурасы 20°Сдан түшпөйт) жана кургак. Сахара чөлү тараптан сок­кон ысык кургак шамал (сирокко) абанын темп­расын кескин жогорулатат (борбордук бөлүгүндө 40°С, Атлантика океанынын жээгинде 32°Сге чейин). Кумдуу бороондор тез-тез болуп турат. Дарыя­ларынын көбү - уэддер. Ирилери: Мулуя (Жер Ортолук деңиздин алабына кирет), Себу, Умм­эр-Рабия, Тенсифт (Атлантика океанынын ала­бына кирет). Калган дарыялары соолуп калат (ириси - Драа). Топурагы күрөң, түштүгү чөл топурактуу. Жээктериндеги түздүктөрдө, тоо

Орто Атлас тоолору.

аралык жана түндүгүндөгү өрөөндөрдө чополуу кара топурагы (слитозём) күрдүүрөөк келет. Тоо­лорунда субтропик токою, түштүгүндө жана түштүк- чыгышында жарым чөл өсүмдүгү өсүп, кум жана таштуу чөл басымдуу. Таззека, Тубкаль ж. б. улуттук парктары Уэд-Масса биосфера резерва­ты уюштурулган. Суу-саз өсүмдүктөрү эл ара­лык мааниге ээ болуп, Рамсар конвенциясынын чегинде корголот.

Калкы.

Калкынын көбү арабдар, марокколук­тар негизинен түндүк-батышта жана түндүктө, ал­жирликтер, маврлар, тоолуу райондорунда берберлер (риф, сенхажа, тамазичт, шильх), ошондой эле француз, испандар да бар. Расмий тили - араб тили. Ислам динин тутат. Орт. жыштыгы

Касабланка шаарынын көрүнүшү.

1 км2ге 71,6 киши (2011). Калкынын жашынын орт. узактыгы эркектериники - 72,8 жаш, аял­дарыныкы - 79,1. Төрөлүүнүн деңгээли өтө жо­гору (1000 кишиге 19,2), өлүм-житим төмөн (ЮООге 4,75). Шаар калкы 58% (2010). Ири шаарлары: Касабланка, Рабат, Фес, Марракеш, Танжер, Мекнес, Агадир.

Тарыхы. М.

аймагын байыртан эле азыркы берберлердин ата-бабалары мекендеген. Биздин заманга чейинки 2-миң жылдыктын аягында М-нун азыркы ай­магына финикиялык колониячылар келип, өз колонияларын негиздеген. Биздин заманга чейинки 5-к-да фини­кия колониялары Карфагендин бийлигине өткөн. Карфаген кулаган соң, Түндүк М-ну биздин заманга чейинки 27-жылы Рим караткан. Жергиликтүү калкы (маврлар же маврусилер) уруу союзуна биригип, уруу баш­чылары - агеллиддер башкарган. Колонияга айланган М-нун айрым бөлүгүндө алгачкы жа­мааттык мамилелер бузулуп, таптык мамиле­лер орной баштаган. 5-к-да М-нун Түндүк бөлүгүн вандалдар, 6-к-да византиялыктар караткан. 8- к-дын башында М-ну арабдар басып алып, ис­ламды жана араб тилин тараткан. Анын түндүк- батышында 788-жылы Идрисилер мамлекети (азыр­кы М. аймагындагы 1-мамлекет) негизделген. 10-к-да М. Фатимиддер халифатына кирген. Альморавиддер, Альмохаддар династиялары­нын тушунда (11-13-кылым) М. күчтүү мамлекетке айланып, маданияты гүлдөп (архитектура өнүгүп, мечит,

Файл:МАРОККО 5.png

мунара жана медреселер курулуп, дин мектепте­ри ачылган ж. б.), Европа, Батыш Африка менен экономикалык байланыш түзгөн. Бирок 14-к-дын 60-жыл­дарынан Мариниддер мамлекети начарлап, май­да княздыктарга бөлүнгөн. 15-к-да М-го евро­палыктар кире баштап, өлкөнүн көп бөлүгүн португалдар менен испандар караткан. 16-к-дын аягында жергиликтүү уруулар европалык колониячыларга каршы күрөшүп, жээктеги шаарлардын бир то­бун бошоткон. Исмаил (1672-1727-жылы бийле­ген) жана Сиди Мухаммед бен Абдаллах (1757- 90-жылы бийлеген) султандардын тушунда М-нун Атлантика жээги бошотулуп, өлкөнүирик­тирүү башталган. 19-к-дын 40-жылдарынан М. жеринин көбүн француздар менен испандар басып алган. 20-к-дын башында Германия менен Улуу Британия да М. үчүн күрөшкөн. Натыйжада 1912-жылдагы келишим боюнча М-до Франция про­тектораты орноп, анын бир аз бөлүгү Испания

бийлигине өткөн. 1936-жылы европалык колониячылар М-нун 837 миң га жерин өз ара бөлүштүрүп ал­ган. Францияга тиешелүу аймагы фр. капитал­дын эсебинен өнүгүп, француз тили киргизил­генетикалык М-нун эл массасы колониячыларга катуу каршылык көрсөткөн. Россиядагы революциядан кийин (1917) М-до улуттук-боштондук кыймыл жанданып, 1921-жылы Мухаммед Абд аль-Керим аль Хабаби баштаган риф уруулары көз каран­дысыз Риф республикасын түзгөн, бирок аны 1926-жылы Франция менен Испаниянын бириккен күчтөрү кулаткан. 1930-жылдары М-до жаштар­дын жана студенттердин алгачкы кыр көрсөтүү­лөрү башталып, саясий уюмдар (Марокко эл­дик аракет блогу, МЭАБ ж. б.) негизделген. Экинчи дүйнөлүк согуш убагында улуттук-бош­тондук кыймыл күчөп, М-го толук көз каран­дысыздыкты берүүнү француз бийлигинен талап кылган. 1953-жылы 20-августта француздардын

Марокколук бербер.

кысымы менен Мухаммед тактан кетип, Мада­гаскар аралына куулган. 1955-жылы Мухаммеддин кайра келиши менен улуттук-боштондук кый­мыл күчөп, 1956-жылы 3-мартта Франциянын, 7- июнда Испаниянын протектораттары жою­луп, М-нун көз карандысыздыгы таанылган. 1963-жылы өлкөдө алгачкы парламенттик шайлоо өткөн. 1973-жылдан чет элдик ишканалар мам­лекеттештирилген. 2000-жылдан өлкө демокра­тиялаштырууга багыт алган. М. - 1956-жыл­дан ВУУга мүчө. Африка өлкөлөрүнүн Касаблан­ка конференциясын (1961) чакыруунун демилгечиси жана Африка союзу уюмун негиздөөчүлөрдүн бири.

Чарбасы.

М. - экономикасы көп тармактуу өнүгүп жаткан агрардык-индустриялуу өлкө. Эконо­микасынын негизин - минералдык сырьёлорду (фосфорит) казып алуу түзөт. ИДПнин көлө­мү 153,8 миллиард доллар (АКШ); аны киши башы­на бөлүштүргөндө 4,9 миң доллардан туура ке­лет (2010). Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 51,4, ө. ж-дыкы 31,5, а. ч-ныкы 17,1 (2010). Улуттук экономикасы ири мамлекеттик компа­ниялар, ошондой эле мамлекетке жана королдук үй­бүлөсүнө жакын көп тармактуу бир нече хол­динг тарабынан көзөмөлдөнөт. М-до тоо-кен ө. ж. өнүккөн. Фосфорит (2009-жылы 18,3 миллион г; дүйнөдө 3-орунда, Кытай менен АКШдан кийин), барит (596 миң т, дүйнөдө 3-орунда, Кытай менен Индиядан кийинки), коргошун, цинк, жез, мар­ганец, кобальт, алтын, күмүш, темир, сымап, мышьяк, ошондой эле нефть (жылына 180 миң г) жана

газ (60 миллион жэ) казылып алынат. 2009-жылы 20,8 миллиард кВт-с электр энергиясы өндүрүлгөн. Кара металлургия (болот, сорттуу прокат), нефть ажыратуу, химиялык (фосфор кислотасы, дүйнөлүк экс­порттун 40% и; жер семирткичтер), фармацев­тика, машина куруу (автомобиль кураштыруу, а. ч. техникалары, транзистор, авионикалар, оп­тика, электр кабелдери ж. б.), булгаары-бут ки­йим, целлюлоза-кагаз, текстиль, тигүү, тамак­аш (анын ичинде балык, жашылча-жемиш консервала­ры, кант) ө. ж. ишканалары иштейт. Кустар­дык кол өнөрчүлүк (килем токуу, тери өңдөө) өнүккөн. А. ч. эрте бышчу жашылчачылыкка, цитрус өсүмдүктөрүн жана зайтун өстүрүүгө, жү­зүмчүлүккө адистешкен. Дан эгиндери, кант кызылчасы, бал камыш, картөшкө, коон, дар­быз өстүрүлөт. Кой, эчки, бодо мал, эшек, ка­чыр, төө, жылкы асыралат. Балык кармалат. Туризм өнүккөн (2008-жылы 7,9 миллион турист кел-

Эр-Риф тоосунун түштүк этегиндеги айдоо аянттары.

ген). Автомобиль жолунун узундугу 57,6 миң км (анын ичинде асфальтталганы 35,7; 2006), т. ж-нуку 1907 км. Негизги деңиз порттору: Касабланка, Мохамме­дия, Жорф-Ласфар (сыртка фосфорит чыга­рылат), Танжер, Агадир, Надор. Сыртка кезде­мелер, тигилүү кийимдер, электр-техникалык, электро­ника компоненттери, минералдык сырьё, жер семирткич, химикаттар, нефть продукциясы, а. ч. жана балык продуктулары чыгарылат. Не­гизги соода шериктештери; АКШ, Европа союзу­на кирген өлкөлөр, Бразилия, Кытай, Сауд Арабиясы.

Марокко акчасы - марокко дирхамы.

Маданияты.

Билим берүүсү мектепке чейинки тарбиялоону, 9 жылдык милдеттүү жалпы, орто, кесиптик-техникалык жана жогорку билим берүүнү кам­тыйт. Окутуу араб тилинде. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 55,6% (2008). Мухаммед университети (1957), Сиди Мухаммед бен Абдаллах ун­ти (1974), Хасан II университети (1975), Мулай Исмаил университети (1982) ж. б. бар. Улуттук китепкана (1917), Архив (1920), Улуттук документациялык бор­бор (1966), ошондой эле Улуттук агрономиялык илимий- изилдөө борбору (1930), Улуттук география (1959), Океанография (1948), Биология, биохимия илимий институттары бар. Араб тилиндеги «Аль-Анба», «Ас­Сахра» «Аль-Магрибия», «Ас-Сабах» ж. б. ири гезиттери чыгат. Радиоуктуруусу 1931-жылдан, телекөрсөтүүсү 1952-жылдан иштейт. 58 радио­станция, 5 телеборбор, ошондой эле «Ма§йгеЬ АгаЬе Ргеээе» мамлекеттик маалымат агенттиги (1959) бар.

М. адабияты араб, бербер, француз тилдеринде өнү­гүүдө. М. адабиятында 20-к-дын ортосуна чейин араб классикалык поэзиясынын салттарын чыгарма­да жаралган. М. адабияты 2-дүйнөлүк согуштан кийин калыптанган. А. М. Бенжеллундун «Кан­дуу өрөөн» (1948) новелла жыйнагы, «Бала чак­та» автобиогр. повести, французча жазган А. Сафриуинин «Анбар теспелер» новелла ки­теби, «Керемет сандыкча» (1954) романы - араб, француз тилдүү заманбап адабиятынын туу чокусу. 1960-жылдардан баштап араб тилиндеги проза­га өнүгө баштайт. 1960-жылы М. Жазуучулар сою­зу түзүлгөн.

Байыркы мезгилде М-до аска таштарга чебер чегилген адамдардын, айбанаттардын эки дөң­гөлөктүү арабалардын (колесница), орнамент­тердин силуэттик сүрөттөрү сакталган. М-нун о. к-дагы шаарлары негизинен таш, бетон, чопо, кыштан тургузулган. 18-19-к-дагы белгилүү курулуштары: Мекнестеги Баб-аль-Мансур дар­базасы, Фес жана Мекнес шаарындагы Дар-Бата, Дар­Жамаи сарайлары ж. б. 1950-жылдардын ба­шында азыркы үлгүдөгү имараттар курула баш­таган. М-до сүрөт искусствосу өнүккөн (живопис­чи М. А. Идриси, скульптор X. Бен Салах, гра­фик М. Аммар ж. б.). Рабат, Касабланка ж. б. ш-да колдонмо искусство кооперативдери түзүлгөн.

М-нун музыкалык маданияты Африка элдеринин, Ж. Чы­гыш жана Түштүк Европа өлкөлөрүнүн, негизинен Испаниянын маданиятынын өз ара карым-катышы­нын негизинде калыптанган. Рабат шаарында Улут­тук музыка, бий жана драма искусство консервато­риясы иштейт. 1960-жылдан Марракеште жыл сайын улуттук музыкалык фольклор фестивалы, өткөрүлөт.

Элдик М. театрынын бир кыйла өнүккөн фор­масы - бсат болуп эсептелет. Көз карандысыз­дыкка ээ болгондон кийин (1956) профессио­налдык театр өнүгө баштайт. Негизги коллек­тивдери: Касабланкада Муниципалдык театр, Рабатта Мухаммед V атындагы Улуттук театр. 1959-жылы Рабатта М. драмалык изилдөө борбору жана драма искусствосу мектеби түзүлгөн. Рабатта араб театр фестивалы өтөт.

М-до биринчи кино 1897-жылы Фес шаарында Султан сарайында көрсөтүлгөн. 1912-жылы өлкөдө фран­цуз жана испан протектораты орногондон кийин ири шаарларда туруктуу кинотеатрлар пайда болгон. 1944-жылы Рабаттагы студияга кошумча «Сусси» киноборбору жана киностудиясы негиз­делген. Алгачкы документ фильми «Мектеп - биздин досубуз» 1957-жылы тартылган. Толук мет­раждуу фильмдерди тартуу 1968-жылдан жол­го коюлган. 1980-жылдардан баштап өлкөнүн ири шаарларында М. киноборбору тарабынан улуттук жана эл аралык кинофестивалдар өткө­рүлүп турат.

Ад.: Кино Азии, Африки, Австралии, Латинской Америки: Режиссёрская энциклопедия. М., 2001; Марокко//Болыпая российская энциклопедия. М., 2012. Т. 19.