МАРИЙЛЕР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:32 учурдагы нуска

МАРИЙЛЕР (өздөрүн мари, марий деп аташат, мурда черемистер деп аталган) - РФте­ги эл (644 миң), Марий Эл Респ-нын жергиликтүү кал­кы (312,2 миң). Башкырстанда (105,8 миң), Та­тарстанда (18,8 миң), Удмуртияда (9,0 миң), Ни­жегород (7,8 миң), Киров (38,9 миң), Тюмень (11,0 миң), Свердлов (27,9 миң) жана Пермь облусунда (5,4 миң) да жашашат. Жалпы саны 604,3 миң киши (2002). Алар үч негизги субэт­ностук топко (тоо, талаа жана чыгыш) бөлүнөт. Тоо М. Волганын оң жээгин, талаа М. Ветлуг-Вятка дарыясынын

ортосун, чыгыш М. Вашкирия аймагын мекендешкен. Марий жана орус тилдеринде сүйлө­шөт. Христиан динин ту­тушат. М-дин этностук негизин финн-угор уруу­лары түзгөн. М-дин ка­лыптанышына жана өнүгушүнө түрк элдеринин (болгар, чубаш, татар) жана орустардын таасири тийген. Негизги кесиби - дыйканчылык, мал чарбачылык, аарычылык, балык кармоочулук. Улуттук кийими - туника сымал бычылган көйнөк, ыштан, узун этектүү кафтан, эркектер башына кийиз калпак кийип, белине кур кур­чанат. Аялдар алжапкыч тагынып, кооздуктар­ды колдонушат. Тамак-ашы - негизинен дан, эт, сүт азыктары.